Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

М.Ходорковсий миллиардер эмес


ЮКОС компаниясынын негиздөөчүсү, азыр абакта отурган Михаил Ходорковский ЮКОСтун акционери болбой калды. ЮКОС - Россиядагы эң ири мунай өндүрүүчү компания.
Айыпкердин адвокаты Антон Дрелдин Франс пресс агенттигине айтышынча, Ходорковсий “Менатеп” группасынын баалуу кагаздарын былтыр, салык төлөбөдү деп күнөөлөнүп, камакка алынаардан мурда сатып жиберген. “Менатепке” ЮКОСтун акцияларынын 44, 2 проценти таандык болчу.
Ходорковский президент Путиндин саясатын ачыктан ачык сындай баштагандан кийин, орус бийликтери ЮКОСту кысмакка алууну күчөтүп, компаниянын банктардагы мүлкүн жана анын негиздөөчүсүн камакка алган.

XS
SM
MD
LG