"Газпром" компаниясынын айтымында, Орусиядан Беларуска берилген газ үчүн баанын жогорулашына Минск макул болбосо, беш-алты күндүн ичинде өлкөгө газ жеткирүү токтотулушу мүмкүн. "Газпромдун" вице-президенти Александр Рязанов бүгүн жасаган билдирүүгө караганда, бир нече күнгө уланган сүйлөшүүдөн азырынча жыйынтык чыга элек. Беларуска табигый газ берүүнү "Газпром" алгач 1-январда токтоткон, бирок кийин кайрадан убактылуу түрдө бере баштаган.