Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

“Ал-Каида” менен байланышканы үчүн, АКШда бир аскер камакка алынды


АКШнын Улуттук гвардиясынын Райан Андерсон аттуу аскери камакка алынды. Танкист Андерсондун башчысы Стивен Бэргердин айтымында, ага "ал-Каида" аттуу террордук уюмга жардамдашкан деген күнөө коюлууда: "Андерсон азыр Форт-Луис колониясында кармалууда жана ага душманга жардамдашкан деген айып тагылууда. Биздин бул адис “ал-Каида” менен байланышып, аларга чалгын маалыматтарын берүүгө аракеттенген". Андерсон үстүбүздөгү жылы Иракка барып аскерий кызмат өтөмөк.

XS
SM
MD
LG