Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

АБАКТАРДА ОРУН ТАРТЫШ


Чолпон Орозобекова Кыргызстанга жаңы абак керекпи? Түзөтүү мекмелериндеги орун тартыштыкты жаңы түрмө салуу аркылуу жоюуга болобу? «Коом жана турмуш» түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышы жазаны аткаруу тармагындагы көйгөйлөргө, атап айтканда абактардагылардагы орун тартыштыгына жана бул системадагы кадр тартыштыгына токтолобуз.

Кыргызстанда 35 түзөтүүчү мекеме, 5 тергөө изолятору бар. Булар жетишпейт, дагы түрмө куруш керек деген маселе козголо баштады соңку күндөрү. Муну биринчи кезекте жазаны аткаруу тармагында иштегендер өздөрү айтышууда. Мындай демилгечилердин бири Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу. Учурда камакта 17 миң адам отурат. Кыргызстанда абактардын толуп кеткени, орун тартыштыгы оор маселе бойдон калууда. Жазаны аткаруу башкармалыгын башчысы Владимир Носов жаңы абакка муктажбыз деп билдирди. Анын оюнда азыркы түрмөлөрдөгүлөрдү жаңы курулган абактарга көчүрүш керек.

- Бизге азыр аянт жетишпейт. Башка абактарды салуу керек. Бирок 2 миң киши жатчу чоң абактын кереги жок. Мисалы жашы жете элек кыздарды киши өлтүргөн аялдардан бөлүшүбүз керек. Бир нече ирет кылмыш жасаган мыкаачы кылмышкерлерди өзүнчө отургузган оң. Ушундай чакан чакан абактарды курган жакшы болмок, - дейт Владимир Носов.

Турсунбай Бакир уулу жаңы абактарды куруу зарылдыгын айтып жүрөт. Бирок ошол эле учурда мамлекетте буга каражат жок экендигин да эске алат. Анын оюнда бизнесмендердин, колунда бар адамдардын күчү менен чакан түрмөлөрдү курган оң. Турсунбай Бакир уулу дал ушул оюн бир топ бизнемендерге билдирген. Бирок бирин да көндүрө алган эмес. Акыйкатчынын айтымында, эл ичинде ким түрмө курса өзү ошого отурат деген сөз бар экен. Адатта Ошко түрмө курган Курманжан датканын баласы Камчыбекти мисал кылышат. Оштогу түрмө Кыргызстандагы эң биринчи абактардан. Сыртында 1890-жыл деп жазылып турат. Каракол түрмөсү дагы эң эски, алгачкы түрмөлөрдөн. 19-кылымдын аягында бир бай манап өзүнө караван- сарай кылып салдырган имаратты совет бийлиги 1916-жылы түрмөгө айландырган. Тээ илгери кыргыздар түрмө дегенди билген эмес. Күнөө кылган адам шариятка ылайык, же аксакалдар эмне деп чечсе ошого жараша мал түрүндө айып төлөчү. Кечиримсиз күнөө кылгандарды бирөөгө өмүр бою кулдукка беришчү же зынданга салып, кээ бирин кайта чыккыс кылып көөмп салган да учурлар болгон. Ал эми элдин каргышына калгандар таш бараңга алынчу.

Түрмөнүн кереги жок дешет айрым байкоочулар. Ар бир айылга түрмө салып берген менен проблема чечилбейт деген пикирлер бар. Эмесе журналист Ырысбек Өмүрзаков менен болгон чакан маекти угалы.

- Кыргызстан эгер түрмө курса эл аралык стандартка жооп бергидей кылып курушу керек. Анүчүн миллиондогон доллар каражат керек. Биздин мамлекет анчалык каражат таба албайт. Бул биринчиден. Экинчиден, абактарда кишинин нормадан ашыкча болушу соттук тергөөдө акыйкаттын жоктугунан көрөм. Мисалы, тоок уурдаса акчалай айып гана тагылышы керек. Эгер ал тоокторду тоокканага кирип уурдаса короого кирип барганы үчүн, эшигин өзү ачып алган болсо талкалап киргени үчүн деп жыл кошула берет. Ошентип беш тоок уурдаган бирөө 5-6 жылга соттолуп атпайбы? Ар бир айылга бирден түрмө куруп койсо да бул проблема чечилбейт. Кеп башкада болуп атпайбы. Жазанын альтернативдүү жолдорун колдонуу керек.

-
Сиз кайсы альтенативдүү жолдорду туура көрөсүз?
-

- Мисалы мыйзамда үч эсе айып деген бар. Бул да туура эмес. Үч эсе болгондо колунда жок карапайым эл үчүн оор болуп калууда. Ошол уурдаган буюмунун наркын, макул, ээсине төлөп берсин. Бирок, мамлекетке кайра ошол сумманы эмнеге бериши керек. Эмне бул жерде мамлекет коммерциялык ортомчубу? Мага ушул түшүнүксүз. Чыгымды төлөп бергенден кийин анан мамлекетке аз өлчөмдө пошлина төлөп койсо жетет да.

Чолпон Орозобекова:
- Рахмат Ырысбек мырза. «Трибуна» гезитинин редактору Ырысбек Өмүрзаковдун пикирин тыңдадык. Кыргызстанга жаңы түрмө курганга калк эмне ойдо болду экен. Кесиптешим Мелис Кыязовго узатайын сөздү. Токмок шаарынын тургундары кандай ойдо болду экен?

Мелис Кыязов:
Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочуларына микрофон сундум. Алардын пикири ар кыл болду. Айрымдары аты-жөнүн атагандан баш тартышты.

-Мен түрмөнүн азыр кереги жок деп ойлойм. Кыргызстан жарды мамлекет, түрмө салганга деле акчасы жок болуш керек.

-Менин оюмча түрмө салчу убак келди. Кыргызстан демократиялык мамлекет катары адам укугун баркташы керек. Абакта жаткан адамдардын да укугу бекем сакталганы оң. Ошондуктан азыркы шарты начар түрмөлөрдө кыйнабай жаңы эл аралык стандартка ылайык түрмөлөрдү куруу керек.

- Түрмө куруш керек. Камакта жатып чыккандардын баарысы биз жаткан жерге жылан да жатпасын деп айтышат. Ным, аба жетпей ден соолукту бүт бузат экен. Ал эми тергөө изоляторунда болсо бир кишилик орунга беш адам тыгылып отурушат. Мындай болбойт да.

- Түрмөнүн эмне кереги бар. Толуп кетти, орун жок деп атышат. Андай болсо жанагы 10 сом үчүн, бир тоок үчүн отургандарды чыгарышсын. Оор кылмыш жасагандар гана отурса, анан түрмөдө орун кенен болот
.

Бул маселеге угармандардын пикири ушундай болду. Сөздү кайра өзүңүзгө узатам.

Чолпон Орозобекова:
-Рахмат Мелис. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу түрмө куруш керек дегени менен Кыргызстанда бир тоок үчүн да түрмөгө отурарын моюнга алат:

- Баткенден Михайленко деген жигиттин апасынан кат келди. Баласы 11 тоок уурдап, алты жылга соттолуп кетиптир. Мен таң калдым. Балким экинчи же үчүнчү соттолушубу десем жок мурда соттолбоптур. Он бир тоок эсепесем, 880 сом болот экен. Мыйзамда каралагандай үч эсе төлөтүп эле кое берип койсо болот эле го. Сотторго кайрылат элем, сөзсүз эле камаш максат эмес да. Бир аз гумандуурак болушса дейм.

Учурда Жазаны аткаруу башкармалыгында пробациялоо деген бөлүм жаңы ачылды. Бул бөлүмдүн милдети келечекте жазанын альтернативдүү түрлөрүн иштеп чыгып, бара- бара турмушка ашырууну көздөп турат. Азырынча парламент менен өкмөттө бир мыйзам жатат. Жаза өтөө жайларындагы кишинин санын азайтуу жөнүндө. Эгер бул мыйзам кабыл алынса Владимир Носовдун айтымында, түрмөдө жаткандардын саны 20%га азаймак.

Жазаны аткаруу системада орун тартыштыктан башка да көйгөйлөр толтура. Абактагы адамдын бир күндүк тамагына 20 сом гана бөлүнөт. Бул албетте аз. Бирок бир жыл мурда эле 10 гана сомдук тамак менен күн көрүшчү. Үч жыл мурда өлүм жазасына чегерилип, учурда Бишкек тергөө изоляторунда өлүм жазасына чегерилгендер үчүн атайын камерада жаткан ноокаттык Алихан Бекбоев бул жердеги тамак ашка нааразы эмес.

- Жашоо жаман эмес, даттанбайм. Эртең менен перловка. Түшкүсүн борщ, болуп калса эти менен беришет. Кээде макарон, картошка. Акыр мен тамагына нааразы эмесмин. Жаман курсак тоюп атат.

Жазасын өтөп аткан кылмышкер менен абактын кызматкерлеринин ортосундагы мамиле өтө олуттуу рол ойнору дайын. Учурда жазаны аткаруу тармагында 2 миңден ашык адам иштейт. Абакта, тергөө изоляиторлорунда иштеш абдан оор экени айтып отурбаса да түшүнүктүү. Ал жайларга бир кирип чыккыча андагы жагымсыз жытка, ным тарткан абага чыдабай качып чыккандар да бар. Ал эми мындай мекемелерде иштегендер үчүн бул жыт, темир эшиктер, түтүн менен ным сиңген дубалдар көнүмүш болуп калды. Бул системада 25 жыл бою жүргөн Владимир Носов мындай дейт.

-Бул жыт менен өмүр бою келатабыз. Мен бул системага жаңы иштей баштаган лейтенант кезимде аялым түрмөгө барып келген күнү кийимиңди сыртка ил дечү. Кийимге сиңип чыкпай калат да. Бул жыт эчтеке эмес. Биздин жумуштун башка оорчулуктары канча? Накта кылмышкерлердин, адам өлтүргөндөрдүн арасында жүрөсүң. Ар бирине туура мамиле жасап, өтө кылдат иштөө керек. Ошол эле учурда ден- соолукту да сакташ керек, -дейт Носов мырза.

Мындан бир ай мурда Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Бишкек тергөө изоляторунун жамааты менен жолугуп, алардын арыз- муңун уккан. Анын оюнда абактарга иштегендерге камкордук жетишсиз. Жарыбаган айлык, жумуштун өмүргө жана денсоолукка опурталдуулугу, эч кандай кепилдиктин жоктугу бул cистемадагы кадр тартыштыгына алып келген. Кыргызстандын абалын жаңы мектеп партасынан чыккан 18ге жаң чыккан балдарды кылмышкерлерди кайтартып атканынан көрсө болчудай. Жалалабад түрмөсүндө болгон былтыркы окуя эске түшөт. Түрмөдөн качып бараткан эки кылмышкерди кароолдо турган эки аскер атып өлтүргөн. Абактарды кайтаруу жыйырмага чыга элек жигиттердин өмүрүнө канчалык коркунучтуу экени түшүнүктүү. Адистердин айтымында аскерлерди бул ишке тартуу аргасыздан болуп аткан иш. Юстиция министрлигин абактагыларды кайтаруу жана тейлөө башкармалыгынын жетекчиси Советбек Арбаевдин 18 жаштагы жигиттерге боору ооруйт:

- Кечээ эле мектепти бүтүшкөн, ушундай оор кызматка келерин билишпесе керек. Кылмышкерлер менен жалгыз калат, колунда октолгон мылтык.. Кудай сактасын бирдеке болсо атышы керек. Канча окуя болду аскерлер ок чыгарып, качууга аракет кылган каза болгон. Ушундай учурда өзүн согушка келип калгансып сезген жаш жигитке психологиялык жактан оор эле болот. Бир окуя болгон, бир аскер бала жездесин түрмөдөн чыгарып качырып ийген. Аскерлерди айла жок кармап атабыз. Бирок, аларды аябай алдын ала даярдаганга аракет кылабыз.

Юстиция министрлиги Бишкектеги №47 абакка эл ичинен контракт менен кароол алууну эксперимент кылып көргөн. Бирок, каражат тартыштыгы бул ойду да турмушка ашырбаптыр.

- Эл ичинен тандалган адамдарды алып, бул ишке аябай көндүрүп, профессионал кылып алалы деген ой болгон. 18 жаштагы жигитке караганда дурус болот эле да. Бирок, бул жумушка эч ким келген жок. Жумуш абдан опурталдуу болсо, айлыгы болсо 1000 сомго чыкпаса... Анан өмүрүн сайып коюп ким иштемек эле?-дейт Советбек Арбаев.

Четтен киши жалдамак турсун колдо турган кадрларга жогору маяна бергенге шарт жок. Деги эле мындай жабык мекемелерде иштеген адистерге мамлекеттик деңгээлде былтыр араң көңүл бурулганын айтышат. 2003- жылы 12- августта жазаны аткаруу мекмелери жана органдары деген мыйзам кабыл аланыды. Ушул мыйзам менен кошо булардын айлыгы 25%га көтөрүлгөн. Бул деле албетте аз. Бишкек тергөө изоляторунда тергөө учурундагы шектүүлөр, түрмөлүк режимдеги эң коркунучтуу кылмышкерлер жана өлүм жазасына чегерилгендер жатат. Ушул жерде иштештин өзү деле канчалык жооптуу, канчалык коркунучтуу. Айрым камераларда кургак учуктун ачык формасы менен канча жылдардан бери ооруп аткандар бар. Бишкек тергөө изоляторунун медпунктунда иштегендерди сөзгө тартканбыз. Атын атабоону суранган адам ушул мекемеде буга чейин 11 кызматкер кургак учукту жуктуруп алган учур болгонун айтып берди. Анын айтымында абада учуп жүргөн вирусту, инфекцияны өлтүрүүчү ультранурлуу жарык бергичтер көптөн бери иштебейт. Ал эми кылмышкерлер нары- бери басканда кээде жини келсе атайын түкүрүнүп жугузгусу келген да учурлар болот дейт. Бишкек тергөө изоляторунун башчысы полковник Жумадил Шейшеналиев мындай дейт:

- Айлыгыбыз 25%га көтөрүлгөн. Бирок бул айрыкча жаш кадрларга анча деле сезилерлик болгон жок. Жумуш болсо абдан татаал, жооптуу. Маянаны дагы жогорулатса деген тилек бар эле, -дейт Бишкек тергөө изоляторунун башчысы.

Мындан бир канча жыл мурда жаза өтөө жайларында 400 орунга чейин бош калган күндөр болгон. Бүгүн болсо кадр тартыштыгынан бир аз арылдык дейт Владимир Носов. Абактарда иштегендреди соортокон бир жагдай электр, энергияга газга жана башка кызматтарга жеңилдиктер бар. Канчалаган жылдан бери өңү өчкөн кесиптик формасы былтыр араң жаңыланды. Владимир Носов айткандай максат бир эле кылмыш жасап, мамлекет өз жазасын бердиби, аларды темир тор артында гана убактылуу кармап туруу, бирок алар өзүйүнө алты саны аман кайтып барышы керек.

- Биздин милдет жазага чегерилгендерди убактылуу гана кармап туруш. Андан ашык эчтекеге укуктуу да, милдеттүү да эмеспиз. Ошол камактагы кезинде ага эч кандай зыян, залал же коркунуч болбошу керек. Биз аны үйбүлөсүнө мурдагы калыбында алты саны аман бойдон кайтарып беришибиз керек,- дейт Владимир Носов.

XS
SM
MD
LG