Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Мамлекеттик тилди үйрөтүү борбору ачылат


БИШКЕК. 20-февралда Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик тилди үйрөтүү борбору ачылат. Улуттук университеттен бүгүн алынган маалыматка караганда, борбор кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандарга жардам берүүгө багытталып, компьютер жана лингафондук жабдуулар менен камсыздалат. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик тилди үйрөтүү үчүн 3,5 млн сом бөлдү. Ал эми 16-февралдан 26-февралга чейин Кыргызстанда эне тилди коргоонун жумалыгы башталат жана ал эне тилди коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлмөкчү.


Кабарларды даярдагандар Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Азиза Турдуева

XS
SM
MD
LG