Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

АКШ ИРАНДЫ ӨЗӨКТҮК ТЕХНОЛОГИЯ ЖААТЫНДА КАЙРАДАН КЫСМАККА АЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага АКШнын жетекчилиги кайрадан Иранга кайрылып, Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин алдында алган милдеттенмелерин тайбай аткарууга чакырды. АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер Иран өзөктүк куралдарды чыгаруудан толук баш тарткандыгына анын өлкөсү ишенбей турганын айтты.

- Иран өзөктүк куралдан баш тартууну чечкендигине ишенбей турабыз. Андан тышкары биз Иран куралдарды иштеп чыгаруу жаатындагы маалыматтардын баарын түгөл МАГАТЭге ачып бергенине да ишенкиребей жатабыз. МАГАТЭ Ирандын отчетун өлкөнүн курал арсеналы жөнүндө негизинен ынандыраарлык дурус маалымат берген документ катары баалап жатат, бирок биз Иран өзөктүк куралдарды жасап чыгаруу жаатындагы аракеттерин жашырып жатат деген пикирдебиз, - деп айтты13-февралда жасаган билдирүүсүндө Ричард Баучер.

Баучердин мындай санааркоосун айрым батыш дипломаттардын маалыматтары да толуктоодо. Алардын айтымында, өлкөнүн октябрь айында МАГАТЭге берген отчетунда өзөктүк технологияларда пайдаланылчу жабдуу аталган жана бул факт Ирандын өзөктүк курал жасап чыгарууга аракеттенгенин бышыктайт.

Бул айыптоолорду четке кагып келаткан Иран кыргын салуучу куралдарды чыгаруу анын стратегиялык пландарына кирбегенин кайталоодо. Өлкөнүн тышкы иштер министри Камал Харрази 12-февралда Римде жасаган билдирүүсүндө:

- Өзөктүк куралдан биздин жашообуз коопсузураак болот деген ойдон алыспыз. Бул биздин доктринага төп келбейт. Биздин эл аралык коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок, өзөктүк технологияларды таркатпоо боюнча кошумча протоколго биз ошон үчүн кол койдук, - деп айтты.

Бирок Ирандын куралдар арсеналын текшерип чыккан инспекторлор Тегерандын мындай билдирүүлөрүнөн күмөн санап турушканын жашырышпайт. Инспекторлордун текшерүүсү заттарды бири-биринен бөлө ала турган "Г-2" деп аталган жабдууну жасап чыгаруу пландары Иранда бар болгондугун бышыктады.

Өзөктүк куралды чыгарууда колдонулчу андай аспапка Пакистан ээ экендиги белгилүү. Пакистандын өзөктүк технологиялар боюнча жетекчи окумуштуусу Абдул Кадыр өлкөнүн жашыруун сырларын Ливия, Иран жана Түндүк Кореянын көмүскө базарына саткандыгын мойнуна алган. Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу Эл Аралык Изилдөө Институтунун эксперти Шаннон Киле:

- Иран бул табылгалардан кийин өзөктүк программаны жашыруун ишке ашырып жатканын жеткиликтүү түрдө төгүндөй албай калды. Биз пакистандык далдалчылар Ливия менен Иранга жабдууларды чыгаруу пландарын гана эмес, өзөктүк дүрмөттөрдү жасап чыгаруунун технологиясын да саткан болушу ыктымал деп кабатырланып турабыз. Бул божомолдордун чын-төгүнүнө жетүү МАГАТЭнин башкы максаты болушу керек, - деп билдирди.

Бирок Ирандын өзөктүк технологияларды өөрчүтүү жаатындагы аракеттери Америка Кошмо Штаттарынан башка өлкөлөрдү анчейин тынчсыздандырбаган шекилдүү. 12-февралда Орусия Ирандын өзөктүк куралдарды жасап чыгарууга аракеттенгенин күбөлөндүргөн таныктар жок экенин билдирди. Орусиянын Атомдук Энергия Министри Александр Румянцев келээрки жумада Орусия Ирандын Бушер атомдук электростанциясына өзөктүк отун жөнөтө тургандыгын билдирди. Өзөктүк технологиянын жайылуусунан кооптонгон Вашингтондун жылдардан берки каршылыгына карабай Орусия Ирандын Бушер шаарында атомдук электростанция куруу долбооруна жардам берип келатат.

XS
SM
MD
LG