Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:43

А.ИСАБАЕВ: «КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАТ»


"Талант тагдыры" түрмөгүбүз таанымал эстарда ырчысы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Актан Исабаевдин чыгармачылыгына арналат.

Өткөн кылымдын 1999-жылы. Август айынын башы. Чолпоната калаасы. Кереметтүү Ысыккөл. Көгүлтүр көлдүн жээгине жакалай жайгашкан жасалгалуу жайда эстрада ырчыларынын "Ысыккөл-99" аттуу эл аралык фестивалы өтүп жатты. Кыргызстандан, Казакстандан жана башка чет өлкөлөрдөн келишкен ырчылар биринен сала бири өнөрлөрүн тартуулап жатышты. Кезек кыргызстандык жаш ырчы Актан Исабаевге да келди. Ал композитор Бакыт Алишеров менен акын Кыялбек Урманбетовдун фестивалдын катышуучуларына атайын арналып жазылган "Ыр майрамы"аттуу чыгармасын ырдап чыкты. Көп түркүн авазга салынып, жасалгаланган ырдын:

«Ачылган күнгө булактай,
Жагылган түнгө чырактай,
Ырыстан бүткөн ырым бар,
Ырдайын бүгүн суратпай.
Баталы кызыкка, бир мына музыка!

Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте,
Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте
"Кыргыз" деп ырдалат,
"Жылдыз" деп ырдалат.
Кошулуп ырдасаң көңүлүң нурданат.
Өмүрүң нурданат», – деген алгачкы куплетин ырдап баштаганда эле, жөнөкөй угуучулар эмес, касиеттүү Ысыккөл да "Бали, азамат!" деп сүрөөгө алып, алакан чапкандай майда толкундарын шарпылдатты.

Актан ырдап да бүттү. Ал угуучулардын дүркүрөтө кайра-кайра кол чабууларына бөлөндү. Фестивалдын талабы боюнча Актан дагы бир ырды аткарды. Ал дагы угармандардын терең урматтоосу менен кабыл алынды. Жаш ырчы фестивалдын жыйынтыгында баш байге- жеңип автоунааны утуп алды. Фестивалдын лауреаты болгон Актан ошондон бери сахнанын төрүнөн түшпөй кулактан кирип, бойду алган түрдүү маңыздагы ырларды аткарып келет. Алардын көбүн жаш композиторлор, айрымдарын өзү жазган.

2000-жылы Актан өлкөнүн чыгармачыл уландарынын арасынан биринчилерден болуп, кыргыз өкмөтүнүн диплому менен сыйланып, лауреат болду. Ошол эле жылы Исабаев Түркиянын Стамбул калаасында өткөн "Жибек жол" аттуу эл аралык чоң фестивалга катышып лауреаттыкты жеңет. "Азия даусы", "Чыгыштын мезгили" деген эл аралык фестивалдарда да ат салышып, алардын байгелерин жеңип алууга жетишет. 1994-99-жылдары Актан "Даана" аттуу аваздык бий тобунда, "Элес" ансамблинде ырчы болуп иштейт. Ага Бишкектеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин фортепиано классын, Б.Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтун бүтүргөндүгү өбөлгө түзүп келет.

Ал эми жаш ырчынын жалпы аткаруучулук чыгармачылыгына көз чаптырсак, ал кыргыздын эстрада ырчыларынан үнү менен гана эмес, ырларын дүйнөлүк эстрада жылдыздарындай аспапташтырып (аранжирлештирип), ырдоо стилин да аларга окшоштурган аракети менен айырмаланып тургандыгын баамдайбыз. Бирок, Актан аларды карандай туурабастан, кандайдыр бир улуттук аваздык бойокту сактай ырдоого умтулат.

БАЛБАЙ АЛАГУШЕВ:
- Актан мырза атаңыз да, апаңыз да атактуу комузчу-аткаруучулардан болушкан. Эмне үчүн алардын өнөрүн улабай эстрада ырчысы болуп кеттиңиз?

АКТАН:
- Мен кичинекей кезимден эле ата-энемдин черткен комуз күүлөрүнө караганда ырга ынак өстүм. Ырдаганды жакшы көрүп, ырдай коюп жүрдүм. Акыры жаман пианист болгондон көрө жакшы ырчы болоюн деп чечтим.

БАЛБАЙ АЛАГУШЕВ:
- Угармандардын арасында: "Актан кыргыз ырларын бузуп, батыштын эстрада жылдыздарын туурап ырдап жүрөт" деген пикирлер байма-бай айтылып келет. Бул жөнүндө сиздин жеке оюңуз?

АКТАН:
- Белим бешиктен чыгып, ак, караны айрый тааный баштагандан тартып, батыштын ар кандай жанрдагы эстрада музыкаларын суктануу менен уга баштадым. Анан жан дүйнөмдө америкалык ырчылардай ырдасам деген үмүт, тилек пайда болду. Америкада мыкты эстрада ырчылары көп. Ошондуктан мен чыгармачылыгымды алардын таалиминде өнүктүрүп келем.

БАЛБАЙ АЛАГУШЕВ:
- Ал эми азыркы кыргыз эстрадасы дүйнөлүк аренага чыга алабы? Чыгыш үчүн кандай камкордук керек?

АКТАН:
- Чыга алат. Мен ага чоң ишеничим бар. Бирок, ажобуз Аскар Акаев эмнегедир искусствого жакшы көңүл бөлбөй жатат. Эгерде искусствого жакшы көңүл бурса биздин өсүшүбүзгө чоң жөлөк болот эле. Азыркы биздин казнага чет өлкөлөрдөн түшүп жаткан каражаттан анча-мынча жардам кылса, чет өлкөлүк ырчылар менен ат салыша турган биздин чыгармачылык күчүбүз бар.


БАЛБАЙ АЛАГУШЕВ:
- Ар бир ырчынын өзүнүн бир сүйгөн кумири болот эмеспи,сиздин да кумириңиз барбы? Ал ким?

АКТАН:
- Мен жакшы көргөн, кумир туткан ырчылар өтө эле көп. Алардын көпчүлүгү чет өлкөлүк ырчылар. Мага өзгөчө америкалык ырчылар Стюндер менен менин кумирим болгон Майкл Жексондун ырдаган ырлары, аткаруучулук чеберчиликтери жагат. Мен Майклдын аткарган ырлары менен мектепте окуп жүргөн бала кезимен тааныштым. Ал кезде атам да, апам да чет өлкөлөргө гастролдорго көп чыгышчу. Алар Жексондун пластинкаларын, кала берсе сахнада ырдап жаткан учуру тартылган кассеталарды алып келишчү. Аларды суктанып көрүп, угуп жүрдүм. Кийин сахнага чыкканда Жексонду туурап бийлеп, ырдап келе атам.

БАЛБАЙ АЛАГУШЕВ:
- Ак дилден баардашканыңызга ырахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
XS
SM
MD
LG