Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

ИРАКТЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРДҮ ЧЕК АРАДАГЫ КООПСУЗДУКТУ КҮЧӨТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари кошуна мамлекеттерге кайрылып, чет элдик согушчан топтордун Иракка өтүүсүнүн алдын алуу үчүн чек аралардагы коопсуздук чараларын бекемдөөгө үндөдү. Мындай чакырык региондун тышкы иштер министрлеринин Кувейттеги конференциясында жасалды. Коопсуздук кырдаалы Ирактын Фаллужа шаарында ишембиде болгон кол салуудан кийин ого бетер курчуду.

Ишемби күнү кечинде ачылган жыйынга Ирак менен коңшу Иордания, Сирия, Сауди Арабия, Түркия, Иран, Кувейттин, андан тышкары Бахрейн жана Египеттин өкүлдөрү катышты.

Кувейттин кабар агенттиги - КУНА маалымдагандай, Ирактын тышкы иштер министри Зебари Багдад кошуна мамлекеттер менен кол салбоо жөнүндөгү пактка кол коюуга даяр деп билдирди. “Жаңы Ирак кошуналары менен жакшы мамиле түзүү үчүн болгон аракетин жумшап жатат”, - деп ишендирди министр.

Коопсуздук маселелерине токтолгон Зебари чек аралардагы көзөмөлдү бекемдеп, чет элдик согушчандардын Иракка өтүүсүнө бөгөт коюу керектигине басым жасады. Бул жаатта Ирактын жаңы башкаруучулугу “чечкиндүү жана олуттуу чараларды” көрүп жатат деп кошумчалады ирактык министр.

Конференцияга чейинки комментарийлеринде айрым министрлер Ирактагы коопсуздук жагдайы тынчсыздантаарлык экенин белгилешти. Жыйын катышуучуларынын бири: “Ирактагы терракттардын масштабын, алардын көбөйүп баратканын эске алсак, чек арадагы коопсуздукту күчөтүү улам маанилүү болуп баратат”, - деген пикирин ортого салды.

Чынында эле, террордук аракеттер барган сайын күчөп баратат. Акыркы бир жуманын ичинде эле ар түрдүү кол салуулардан 100гө чукул ирактык өмүрүнөн ажырады.

Ишембиде Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарында куралдуу топ полициянын кеңсесине кол салып, натыйжада, расмий маалыматка караганда, 23 киши набыт болду.

Фаллужадагы кол салуу жана ага чейин болгон соккулар коалиция менен кызматташкан жергиликтүү тургундар согушчандардын негизги бутасына айланганын бышыктагансыды.

Мындан тышкары соңку кыянаттык АКШ армиясы өлкөдөн чыгып кетсе, жергиликтүү полиция жана коопсуздук күчтөрү куралдуу топторго туруштук бере алабы деген күнөм саноону күчөттү.

Америкалык айрым пландар боюнча, 30-июнга чейин өлкөдөгү бийлик Ирактын өкмөтүнө өткөрүп берилип, согушчандарга каршы күрөшүү вазийпасын толугу менен жергиликтүү полиция органдары аркалай баштайт. Ошол эле мезгилде АКШлык аскерлер айрым шаарлардан чыгып кетсе да, өлкөдөн толугу менен кетпейт. Кээ бир байкоочулардын ырастоосунда, америкалыктардын аз санда болсо да Иракта кала берүүсү Саддамга лоялдуу турумдагы согушчандар менен чет өлкөлүк куралдуу топтордун кол салуулары токтобойт дегенди да туюнтушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG