Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:32

Берлин фестивалында Германияда түрк темасында тартылган фильм Алтын аюну алды


"Gegen die Wand" же "Алга карай" тасмасы теги түркиялык, Германияда бой жеткен мусулман кыздын аргасыздан атасындай кишиге баш кошконун сүрөттөйт. Режисеру Фатих Акин - 31 жашта, Гамбургда түрктөрдүн бүлөсүндө туулган.
Жеңүүчүнү америкалык актриса Франсис МакДорманд минтип жарыялады:
- Алтын аюу Фатих Акиндин "Gegen die Vand" – Алга карай" тасмасына ыйгарылат
Аргентиналык режисер Даниел Бурмандын "Эл абразо партидо" же "Жоголгон кусалык" фильми Күмүш Аюу сыйлыгына татыды. "Самарияны" тарткан Түштүк Кореялык Ким Ки Дук эң мыкты режисер деп табылды. Хорватиялык "Svedoci" же "Күбөлөр" согушка каршы, адам укуктарын колдогон эң мыкты фильм болгондуктан, Берлин кино фестивалында Тынчтык Сыйлыгын алды.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG