Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Белорус Орусиядагы элчисин чакырып алды


МИНСК. Бүгүн Белорус Орусиядагы элчисин чакырып алды. Президент Александр Лукашенко элчи менен Орусиянын табийгый газды Белоруска берүүнү токтотуп коюшун талкуулады. Ырасмий Минск тараткан маалыматка караганда, Александр Лукашенко “эми Орусия менен мамиле көп убакытка чейин газга ууланып кала берет” деп билдирип, Орусиянын газды токтотуп коюшун “чагымчылык жана кысым көрсөтүү” катары баалады. Акыркы алынган маалыматка караганда, бүгүн Белорустун “Белтрансгаз” компаниясы менен Орусиянын “Танснафта” компаниясы жаңы келишимге кол коюшту. Ага ылайык, февралдын аягына чейин Белоруска газ мурдагы баасында 1000 кубометри 46 доллар 68 центтен бериле баштайт.

XS
SM
MD
LG