Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

ИРАН: ТЕМИР ЖОЛДОГУ КЫРСЫК ТЕРИШТИРИЛҮҮДӨ


Иран президенти Мохаммад Хатами өкмөт өкүлдөрүнөн темир жолдогу кырсыктын себептерин ийне-жибине чейин иликтеп, терең териштирип чыгууну талап кылды. Такталган маалыматтарга ылайык, Хорасан провинциясындагы касиретте 300дөй киши кыргын тапты, жарадар болуп, жабыр тарткандар жарым миңге жетет.

Кырсык болгон жерди аскерлер кыдырата кырчоого алып, жака-бакадагы кыштактардан элди көчүрүп чыгарышты. Адистер отун майга жана химикаттарга жык толгон цистерналардын калган-каткандары жарылып кетиши мүмкүн деп чочулап жатышат.

Эске сала кетели, Нишапур шаарына жакын жердеги темир жол түйүндөрдүн биринде кептелиште чиркешип турган элүү чакты вагон шаршемби күнү эрте мененки үрүң-бараң маалда капыстан эле ордунан козголуп, жылып кеткен. Эңкейиш жолдо катуу күүлөнүп, бет маңдай келаткан экинчи бир эшалонго барып урунган. Вагондор кыйрап, өрт тутанган. Аны өчүргөнү атайын бригадалар келип, тилсиз жоо менен алышып жатканда бензин жүктөлгөн цистерналар биринен сала бири жарыла баштаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн көбү набыт болду. Баары болуп үч жүздөй кишинин өмүрү кыйылды. Жарадар болуп, жабыр тарткандар жарым миңге жетет дешет.

Айрым маалыматтарга караганда, кырсык болгон күнү Нишапур шаарында жеңил-желпи жер силкинип, ошонун айынан темир жол түйүнүндө кептелиште паровозсуз турган состав жылып кеткен. Башка бир кабарларда болсо отун майга толтурулган цистерналар ушунчалык катуу жарылгандыктан анын күчү зилзаладай сезилгени айтылат. Бул божомолдордун чын-төгүнү териштирилип жатат. Адистер ырасташкандай, соңку он беш жыл ичинде дүйнөдө мындай апаттуу темир жол кырсыгы боло элек эле. Президент Мохаммад Хатами иштин баары ийне-жибине чейин кылдат иликтеп, териштирип чыгууну талап кылды. Кырсыктан көз жумгандардын тууган-туушкандарына, жакын-жар-жамаатына Хатами көңүл айтты. Бүткүл Хорасан провинциясында аза күтүү каадасы жарыяланды.

Кайгылуу кырсыкка байланыштуу Кофи Аннан ООН Иранга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди жана Тегеран өкмөтүнө, набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG