Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

ВАЛЕНТИНА МАТВИЕНКО КЫРГЫЗСТАНДА


20-февралда Санкт-Петербург шаарынын губернатору Валентина Матвиенко Кыргызстанда бир күндүк сапар менен болду. Ал Бишкекте Николай Танаев менен жолугушуп, жыйынтыгында Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаарынын ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Санкт-Петербург шаарынын губернаторун эртең мененки саат тогузда өкмөт үйүндө адегенде премьер-министр Николай Танаев кабыл алып, көзмө-көз сүйлөштү. Андан кийин эки тараптын делегацияларынын кеңейтилген жыйыны өттү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Николай Танаев жана Валентина Матвиенко Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаарынын ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуусу тууралуу келишимге кол коюшту. Андан сырткары Санкт-Петербург шаары менен Ош шаарынын достугу жөнүндө келишимге да кол коюлду. Келишимдерге кол коюлгандан кийин Николай Танаев менен Валентина Матвиенко маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

- Биз акыркы жылдары жоготуп алган байланыштарды калыбына келтирүүнү чечтик, - деди Валентина Матвиенко. - Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаарынын соодасынын көлөмү өткөн жылы 13,5 миллион доллар болуптур. Бул аз. Анткени эки тараптын кызматташууну өнүктүрүү потенциалы арбын. Ошон үчүн мен шаардагы эң ири 40 ишкананын жетекчилерин алып келдим. Биз энергетика, айыл чарба техникасы, билим багытында кеңири кызматташа алабыз.

Ал эми кыргыз өкмөт башчысы буларга токтолду:

- Биз бүгүн кол коюлган келишимдин алкагында соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тараптуу комиссия түзүүнү, Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын, ал эми Бишкекте Петербургдун соода-маданий борборун курууну макулдаштык. Андан сырткары мен биздин студенттерди Санкт-Петербургда окутуу, медициналык жабдуулардан жардам берүүнү өтүндүм.

Андан кийин премьер-министр жана губернатор Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаарынын ишкерлеринин «Хаят» мейманканасында өткөн форумуна катышты. Форумдун жүрүшүндө эки тараптын ишканалары 4 келишимге кол коюшту. Алардын ичинде Кыргызстандын «Электр станциялар» акционердик коому менен Санкт-Петербург шаарындагы «Күч машиналары» деп аталган ишкана ортосунда келишим түзүлдү. Ал тууралуу «Электр станциялар» акционердик коомунун башчысы Сагынбек Дордоев буларды билдирди:

- Жаңы курулуп жаткан “Камбарата-1”, “Камбарата-2 ГЭС”терине ал жакта жабдуулар жасалып жатат. Ошону алабыз. Андан сырткары бул келишимдин алкагында эскирип бараткан “Үчкоргон” жана “Атбашы ГЭС”терин реконструкциялайбыз.

Дордоевдин айтымында, бул жабдуулардын акысын Кыргызстан Орусияга экспорттолчу электр энергиясынын эсебинен төлөп берет. Ал эми Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашев Санкт-Петербург менен түштүк борбору кайсы тармактарда кызматташа алаарына мындай токтолду:

- Экономикалык багытта кызматташуу, тактап айтканда, Ошто трактор чогултуу боюнча, жеңил өнөр жай тармагында болсо пахта, жибек кездемелерин өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү караштырып жатабыз.

Санкт-Петербургдун губернатору менен кошо 40тан ашуун ишкана, фирмалардын өкүлдөрү келген. Алардын арасында энергетика, айыл чарбасы, кайра иштетүү тармагынын өкүлдөрү бар. Санкт-Петербург шаарынын «Балтика» пиво чыгаруу заводунун башчысы Таймураз Боллоев Кыргызстанда пиво заводун куруу маселеси иликтенип жатканын айтып, аны турмушка ашыруу канчалык реалдуу деген сурообузга минтип жооп берди:

- Баары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша болот. Ар кандай ишкер долбоор саясий-административдик колдоого ээ болсо, ал кубатка эгедер болот. Тийиштүү шарт түзүлбөсө көп сүйлөп, аягы жыйынтыксыз калат. Мен өлкөнүн экономика министри менен жолугушуп сүйлөшөм. Алардын жыйынтыгына жараша биз баштай турган иштин өңүтү белгиленет.

Валентина Матвиенко сапары учурунда Кыргыз-славян университетинде жана Канттагы аскердик аба майданында да болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG