Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Маркус Мюллер түштүктө


ОШ. ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесининин башчысы Маркус Мюллер түштүктөгү үч облустун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ал алгач жыйынга келгендерди ЕККУнун Кыргызстандын түштүгүнө жаңы дайындалган өкүлү Шерон Бежвий менен тааныштырды. Андан кийинки сөз ЕККУнун 2004-жылы аткаруучу иш пландары, Ош программасы, Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо долбоору боюнча болду. Мюллер мырзанын айтымында, үстүбүздөгү жылы ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарандардын шайлоо боюнча маалыматын жогорулатуу, түштүк Кыргызстандагы чегара маселелери, улуттар аралык мамиле, адам укуктары жана сөз эркиндигине байланышкан иш-чараларды өткөрүүнү алдыга максат кылууда.

XS
SM
MD
LG