Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Бейөкмөт уюмдар бекер жаткан жок


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөл облусунда атуулдардын ишмердүүлүгүн арттыруу, тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн эки күндүк семинар ишин баштады. Семинарда адам укуктарынын, коррупцияга каршы күрөштүн абалына, өлкөнүн экономикалык саясатына байланышкан маселелер талкууланууда. Анын жыйынтыгына ылайык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президент Аскар Акаевге жана эларалык уюмдарга өз сунуштарын жолдошот. Жыйынтыктоочу отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын башчылары катышаары күтүлүүдө. Семинарды «Атуулдук коом коррупцияга каршы» жана «Шоола-Көл» бейөкмөт уюмдары биргелешип уюштурду. Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова билдирди.

XS
SM
MD
LG