Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Улуттар Уюму Иракта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп эсептейт


НЬЮ-ЙОРК. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактагы бийлик ирактыктардын өзүлөрүнө өткөрүлүп берилмейин өлкөдө шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес боло турганын билдирди. Аннан шайлоону өткөрүү үчүн адегенде добуш берүүнү талаптагыдай уюштура ала турган утурумдук өкмөттү түзүү керек, деп эсептейт. Бирок баш катчы андай утурумдук өкмөт кандай жол менен шайланашы керек экенин айткан жок. Аннандын айтымында, бул маселени чечүү үчүн уюм ирактыктардын өзүлөрү менен консультацияларды жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG