Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Ирандын ички иштер министрлиги шайлоо участкаларынын ишин дагы эки саатка узартты


ТЕГЕРАН. Ирандын ички иштер министрлиги шайлоо участкаларынын ишин дагы эки саатка узартты. Министрлик бул чараны шайлоочулар узун кезек күтүүгө мажбур болуп жатышканы менен түшүндүрүштү. Бүгүн Ирандын президенти Мухаммат Хатами шайлоочуларды парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырган. Реформачыл талапкерлердин кыйласы четтетилген бул шайлоодо консерваторлордун жеңип чыгышы күтүлүүдө. Шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз кылуу максаты менен миңдей реформачыл талапкер шайлоону бойкоттоого чакырган. Бүгүн Ирандын жогорку диний лидери аятолла Али Хаменейи шайлоону бойкоттоого үндөп жаткандарды "Ислам республикасынын душмандары" деп сыпаттаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG