Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Бишкекте Франциянын кино жумалыгы өтөт


БИШКЕК. 24-февралдан тартып Бишкекте Франциянын киносунун жумалыгы башталат. Бишкектеги кино үйүнөн алынган маалыматка караганда, аны кино үйү менен Франциянын элчилиги биргелешип өткөрөт. Анын максаты кыргыз кино сүйүүчүлөрүн Франциянын киночулары 2000-2001-жылдары тарткан фильмдер менен тааныштыруу. Ошон үчүн жумалыкка белгилүү кинорежиссер Катрин Корсин Эммануэль Беар менен биргелешип тарткан «Репетиция», Бенуа Жаконун «Алдамчы жакындык», Доминика Кабреранын «Адамдык назиктиктин сүтү» жана Филип Ле Гу, Робер Гедигьяндын фильмдери киргизилди.

Кабарларды даярдаган Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG