Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

"Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга каршы пикет өткөн жок


БИШКЕК. Бүгүн «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына нааразы болгон орус тилдүү калк өкүлдөрү Бишкектин эски өкмөт аянтына пикетке чыгышкан жок. Мындай маалымат Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн алынды. «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин белгисиз бирөөлөр орус тилдүүлөрдүн укугун коргоо үчүн 22-февралда эски өкмөт аянтына нааразылык пикетке чыгууга чакырган баракчаларды Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнө чапташкан болчу. Улуттук коопсуздук кызматы ал баракчалар кимдер тарабынан жазылып жана канча барак чапталгандыгын аныктай алган эмес. Пикетке чыгууга чакырык салгандар «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин улуттар аралык катнаштын тили болгон орус тилинин макамы жоюлуп, орус тилдүүлөрдүн укугу басмырланат деген пикирлерин жарыя кылышкан эле. Айрым талдоочулар мындай пикирлердин туура эместигин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG