Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Кыргызстанда Атамекенди коргоо күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Атамекенди коргоо күнү белгиленди. Эртең мененки саат 8де өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоевдин жана улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн катышуусу менен Алатоо аянтында мамлекеттин желеги көтөрүлдү. Андан соң аянтта согуштун ардагерлеринин, коомчулуктун катышуусу менен митинг-реквием өткөрүлдү. Бул күнү облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларда мекенди коргоо күнүнө арналган салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп, согуштун ардагерлерин жана катышуучуларын куттуктоо аземдери болду. Ал эми «Бител» компаниясынын кызматкерлери бүгүн Ош, Жалалабад, Нарын, Ыссыккөл облустарында жайгашкан аскердик бөлүктөрдө болуп, кызмат өтөп жаткан жоокерлерге мобилдик телефон аркылуу ата-энелери менен акысыз байланышып, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти.

XS
SM
MD
LG