Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Жаштардын жана студенттердин көйгөйлөрүнө арналган «Тегерек үстөл» болду


ОШ. Жаштардын "Голден гоул" деп аталган коомдук бирикмеси уюштурган «Тегерек үстөл» жыйыны "Жаштар муундардын байланышы" деген темада өттү. Жыйындын жүрүшүндө жаштардын негизги көйгөйлөрү, жумушсуздук, баңгилик, билим деңгээлинин төмөндүгү жана студенттер окуу үчүн төлөгөн акынын жылдан жылга өсүп жаткандыгы тууралуу сөздөр айтылды. «Тегерек үстөлгө» шаардык жаштар комитетинин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана студенттер катышышты. Бирок, жогорку окуу жайлардын жаштар комитетинин жыйынга чакырылган төрагалары жана студенттердин лидерлери келишкен жок.

XS
SM
MD
LG