Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

ПАКИСТАН “АЛ-КАИДАГА” КАРШЫ ЖАҢЫ ОПЕРАЦИЯ БАШТАДЫ


Бүгүн Пакистан аскерлери Талибан менен " ал-Каида" уюмунун Ооганстанга чектеш райондордо жашырынып жүрөт делген согушкерлерин издөө боюнча жаңы операция баштады. Пакистандын маалымат министри азыркы аскерий операцияны "чет элдик террорчуларга" каршы багытталган иш чара катары мүнөздөдү.

Пакистандын Ооганстанга чектеш тоолуу райондорунда Исламабаддан автономдуу уруулар жашайт. Ушул тоолуу райондордо жашырынып жүргөндөрдүн арасында "ал-Каида" террордук уюмунун жолбашчысы Усама бин Ладендин өзү да бар деп болжолдонуп келүүдө. Бирок бин Ладендин кайсы жерде башкалап жүргөнүн АКШ, Ооганстандын бийликтери да, Пакистан тарап да так айта албайт.

Пакистандын маалымат министри Шейх Ахмед Рашид шейшебиде эл аралык маалымат агенттиктеринин кабарчылары менен болгон маегинде жаңы башталган операция бин Ладенди да колго түшүрүү максатын көздөйбү деген суроого түз жооп берүүдөн баш тартты. Ал мүнөздөгөндөй, азыркы операция "чет элдик согушкерлерге" каршы багытталган.

Пакистан армиясынын маалымат катчысы, генерал Шаукат Султан Ооганстанга чектеш Вазирстан чөлкөмүнүн түштүгүндөгү операция тууралуу "Азаттык" радиосуна берген маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Биз бутага алууну көздөгөндөр курчоого алынды. Азыркы операциянын техникасы ушунда, издөө башталганга чейин алар курчоого алынды. Операцияга чет өлкөлүк аскерлер тартылган жок.

Генерал Шаукат Султандын айтымында, издөө жүрүп жаткан жерлерден 20дай адам кармалды. Алардын арасында чет элдиктер да бар.
Өз аймагында "ал-Каида" менен талибан согушкерлеринин калдыктарына баашпанек берип келгенине байланыштуу дооматтар Пакистандын дарегине, ал АКШнын антитеррордук согуштагы өнөктөшү экенине карабай, узактан бери айтылып келген. Ооганстандын Хост, Пактия, Пактика провинцияларында жасалып жаткан кол салуулар үчүн да чек аранын Пакистан тарабын байырлаган согушкерлер айыпталып жүрөт.

Бирок, Ооганстандагы америкалык аскерлердин командачысы Девид Барно өткөн аптада пакистандык кесиптештеринин соңку аракеттерин кубаттаган болчу. Анын билдиргенине караганда, Пакистан аскерлери акыркы бир нече аптадан бери чек райондорунда жашаган уруулардын башчылары менен жолугуп, алардан кызматташууну, өз аймактарында жашырынып жүргөн согушкерлер боюнча маалымат берүүнү талап кылып, кызматташтыктан баш тартышса, күч колдонулаарын да эскертишкен:

- Менимче, биз бул аймактарда октябрь айынын башынан бери чоң жылыштарды көрүп жатабыз. Пакистандыктар өлкөнүн бүткүл тарыхында уруулар жашаган чөлкөмдөрдө былтыркыга чейин болгон эмес. Биз азыр алардын армиясы бул аймактарда такай аракеттенип жатканын көрүүдөбүз. Ошондой эле акыркы алты аптадан бери түндүк-батыш провинцияларда ал жерлерде жашырынып жүрүшү мүмкүн делген чет элдик согушкерлердин изине түшүү үчүн бул ишке уруу башчыларды да тартуу боюнча бир топ жаңы аракеттерге күбө болдук.

Ал эми ушул жекшембиде Пакистандын маалымат министри Шейх Ахмед Рашид Вазирстан чөлкөмүндөгү уруу аксакалдарына алардын аймагында жашырынып жүргөн согушкерлерди кармап берүү боюнча берилген мөөнөт аяктап жатканын, аскерлер операцияга даяр турганын билдирген болчу. Эл аралык маалымат агенттиктеринин шейшембидеги кабарларына караганда, ушул айдын башында Пакистанга АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директору Жорж Теннет да келип кеткен. Анда башка маселелердин катарында "ал-Каида" менен талибандын калдыктарын издөөгө байланышкан иш чаралар да талкуулангандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG