Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Басма сөз катчы "Р.Дырылдаевдин билдирүүсүн негизсиз" дейт


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү тууралуу билдирүүсү өлкө башчысынын маалымат катчысы Абдил Сегизбаев тарабынан төгүнгө чыгарылды. Абдил Сегизбаев бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына маалымдагандай, укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин «Кыргызстанда эң башкы коррупционер-мамлекет башчы Аскар Акаев жана анын үй-бүлөө мүчөлөрү. Анткени, соңку жылдары Аскар Акаев баш болгон айрым жогорку бийлик өкүлдөрү чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген 2 миллиард доллар финансылык жана 2 миллиард доллар гуманитардык жардамды жең ичинен жеп жоготушту. Ошондуктан, учурда Аскар Акаев келечекте да бийликте кантип калуунун амалын издөөдө» деген билдирүүсү негизсиз. Маалымат катчы Дырылдаевдин мындай билдирүүлөрү эч кандай фактыларга негизделбеген жалган жалаа деп билдирди. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин АКШда айтылган жогорудагы билдирүүсү бүгүн «Республика» гезитине жарыяланды.

XS
SM
MD
LG