Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Гаитиге эл аралык тартип орнотуучулар киргизилиши зарыл


Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен эл аралык полиция күчтөрүн Гаитиде тартип орнотууга чакырды. Өлкөнүн жарымын басып алган козголоңчулар башкалаага чабуул койорун айтып коркутууда. Франциянын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Гаитинин президенти Жан-Бертран Аристид өлкөнү башаламандыктан сактап калыш үчүн туура чечим кабыл алышы керек деп белгиленген. Анын алдында АКШ жетекчилиги да эл аралык коомчулукту Гаитиде коопсуздукту камсыздоого чакырган. Ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңешинин учурдагы президенти, Кытайдын элчиси Ваң Гуангуа гаитилик оппозициячыларды аралда тынчтык орнотуу боюнча эл аралык сунуштарды четке какканы үчүн сындап, каршылаш тараптарды сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөгөн. Гаитинин президенти Аристид эл аралык планды аткарып, өз бийлик укуктарынан оппозициячылар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG