Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

БУУӨП Жалалабаддагы жакырчылыкты кыскартууга багыт алды


ЖАЛАЛАБАД. БУУӨПтүн жакырчылыкты кыскартууга арналган семинарында жакырчылыкты жоюу ишинде жакырларга каражат, мал, мүлк берүү менен чектелбей, андай үй-бүлөлөрдүн өздөрүнүн аракеттенүү кызыкчылыгын ойготуу зарылдыгы баса белгиленди. Айылдарда өз ара жардамдашуу топтору менен бирикмелердин уюштуруу демилгесин жергиликтүү бийликтер менен социалдык коргоо жана бейөкмөт уюмдар алмайын кандай гана мыкты программа болбосун ишке ашпайт. БУУнун ӨПнын жакырчылыкты жоюу долбоорунун колдоосунда облуста 300гө чукул өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн жана ага 3 миң адам кирген. Алар долбоор башталгандан бери каржы уюмдарынан 9 млн. сомдук кредит алышкан. Расмий маалымат боюнча, облустун калкынын 41 пайызы жакыр.

Кабарларды Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдап, окушту

Редактор- Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG