Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Нарын облустук кеңеши жолдордун абалына кабатыр


НАРЫН. Облустук кеңештин сессиясы облус аймагындагы жолдордун абалын карады. Депутат Карыбек Төргөевдин айтымында, облус аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөө үчүн жылына 40 млн. сом талап кылынат. Бирок, бул сумманын 40 пайызынын тегерегинде гана каражат бөлүнөт. Башкармалык күйүүчү жана майлоочу майлар менен да толук камсыз боло бербейт. Ал эми башкармалыктын жетекчиси Келдибек Кадыркулов Бишкек-Торугарт, Каракече-Кочкор жолдорун оор жүк ташыган автоунаалар талкалап жаткандыгын, мындай автоунаалардан акы алуу чечими аткарылбагандыгын билдирди. Бирок, мындай жүйөлөр бир катар депутаттарды жана сессияга катышкан губернатор Аскар Салымбековду канаттандырган жок.

XS
SM
MD
LG