Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Карабалта тоо кен комбинатында урандын иштетилишине өкмөт каршы


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Карабалта тоо-кен комбинаты менен Германиялык «РВЕ Ньюкем ГмбХ» фирмасынын ортосундагы макулдашуунун чегинде урандын Кыргызстанда иштетилишине каршы. Мындай пикирин бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, мындай ишмердүүлүккө жол берилбейт, анткени, Кыргызстан өзү уран калдыктарынан арыла албай жатат. Белгилеп койчу жагы, бул маселени Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы көтөрүп, бир күн мурун кайрылуу тараткан. Анда белгиленгенге караганда, Карабалта тоо кен комбинаты менен «РВЕ Ньюкем ГмбХ» фирмасы тутумунда 3% уран бар 1750 тонналык затты Кыргызстанга ташып келип иштетүү боюнча макулдашууга келишкен. Бул заттан Германия тарап 30-40 тонна уран иштетип, кайра ташып кетмек, ал эми анын калдыктары Карабалтадагы уу зат калдыктарын сактоочу жайга көмүлмөк.

XS
SM
MD
LG