Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Таласта


ТАЛАС. Эларалык бул уюмдун колдоосу менен түзүлгөн "Кыргызстанда билим берүү аркылуу интеграциялоо" деп аталган жумушчу топтун мүчөлөрү облустук бийлик өкүлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери Талас ичиндеги улуттук маданий борборлордун жамааттары жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, “тегерек үстөл” талкууларын өткөрүштү. Бул жолугушууларда Талас облусунун аймагында жашап жаткан жыйырмага жакын улуттардын ынтымактуу жашоосун билим берүүнү өркүндөтүү жолдору менен жакшыртуунун маселелери талкууланды. Өрөөндө айрыкча курд улутундагы адамдардын билим алууга тартылбай келаткандыгы айтылды. өздөрүнүн тилин, үрп-адаттарын унутуп бараткан корейлерге жардам берүү аракетинен майнап чыкпай жаткандыгы маалым болду. Таласта жашаган башка улуттагы адамдардын ичинен 2890 адам кыргыз тилин өз эне тили деп эсептээри кызыктуу факты катары айтылды. Эки күндүк кыдырууну "Сорос-Кыргызстан" фондусу Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен алгоолошуп уюштурган.

XS
SM
MD
LG