Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

КМШ өлкөлөрүндөгү диндер аралык кеңеш түзүлөт


БИШКЕК. 2-3-март күндөрү Москва шаарында Шериктеш мамлекеттер биримдигине кирген өлкөлөрдөгү ири диндердин экинчи форуму өткөрүлөт. Форумга аймактагы мусулман, христиан, будда жана башка диндердин жогорку жетекчилери катышат. Жыйындын соңунда КМШ өлкөлөрүндөгү диндер аралык кеңеш түзүлөт. Форумга Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы Жуманов катышат. Анын айтымынында, мындай иш-чара Москва жана жалпы Орусиянын патриархы Алексей II жана Азербайжандын муфтийи Аллахшукюр Паша-Заденин демилгеси менен өткөрүлүүдө. КМШ өлкөлөрүндөгү диндер аралык 1-форум 2000-жылы Москвада өткөн.

XS
SM
MD
LG