Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

БАНКТАРГА САЛЫНГАН АКЧАЛАРДЫ КОРГОО ҮЧҮН ФОНД ТҮЗҮЛӨТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Улуттук банктын жетекчилеринин айтымында, банктарга салынган акчаларды коргоого алуу максатында атайын фонд түзүлөт. Ал фонд быйыл эле иштей башташы мүмкүн. Улуттук банктын жетекчилеринин пикири боюнча, бул элдин банктарга болгон ишенимин арттырып, банк секторуна акчанын көбүрөөк тартылышына түрткү болот.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекева адегенде журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйында, кийин өкмөт жыйынында билдирди:

- Депозиттерди коргоонун системасынын концепциясын жана ага байланыштуу мыйзам долбоорун даядоо боюнча чоң иш жүргүзүлүп жатат, - деди Каныш Шаршекеева жакында болуп өткөн өкмөт жыйынында. Анын айтымында, аталган концепциянын долбоору даяр. Ал азыр тааныштыруу жана банкирлердин пикирин билүү иретинде коммерциялык бантарга таратылып берилди. Быйылкы жылдын июнь айына карата буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөөрү күтүлүүдө.

Кийинки 4-5 жылда өлкөдө 5 банк банкротко учурап, аларга акча салуучулардын каражаттары күйүп кеткен болчу. Алар ушу убакка чейин өз акчаларын Улуттук банктан жана өкмөттөн талап кылып жүрүшөт. Ушуга байланыштуу банк секторуна ишеним азайып, эл жана ишканалар өз акчаларын банкка салуудан коркуп калышкан. Статистикалык маалыматтарга караганда Кыргызстандын банк сектору ички дүң продуктынын 7% гана өздөрүнө тарта алышат. Калган акчаларынын баарын эл үйлөрүндө сактайт. Банк секторуна жарытылуу акча түшпөгөндүктөн банктар ишканаларга узак мөөнөттөгү кредит бере алышпайт.

Акыркы жылдары банк секторуна өзгөчө көңүл бөлүнүп, ар тараптуу реформа жүргүзүлүп жатат. Улуттук банктын жетекчилеринин пикиринде, бул реформалар өз натыйжасын берип, банктарга болгон ишеним кайрадан жанданды жана аларга салынган акчалар өсө баштады. Алар кыска мөөнөттүн ичинде эле банк секторуна тартылган акчанын көлөмүн ички дүң продуктынын 18% жеткирүүнү көздөшөт:

- Банк системасы 2006-жылы 18% же андан жогору көрсөткүчкө жетише алат, - дейт Каныш Шаршекева.

Бирок бул үчүн акча салуучулардын каражаттарын коргоо системасы киргизилиши зарыл. Улуттук банктын пикири боюнча банк банкротко учураганда алардын акчасын кайрып берүү үчүн 48 млн. сомдон турган атайын фонд түзүлүшү керек. Ал акчалардын жарымы бюджеттен алынып, жарымын коммерциялык банктар өздөрү чогултууга тийиш. Коммерциялык банктар андан тышкары өздөрү тарткан депозитинин көлөмүнө жараша милдеттүү түрдө белгилүү бир өлчөмдө такай акча чегерип турушат. Муну айрым коммерциялык банктардын жетекчилери колдобосун билдиришүүдө:

- Бүгүнкү күнү банктар 10% резерв түзүшөт. Андан тышкары депозиттерди коргоо фонду түзүлсө, анда ага кирүү ар бир банктын өз эркине жараша болуш керек. Баарын тең кааласаң да, каалабасаң да киресиң деш туура эмес. Мен ага таптакыр каршымын. Банктар туура эмес иш кылса, анын келтирген зыянын башка банктар төлөп бериш туура эмес. Буга акционерлер макул болушпайт, - деди «Ысыккөлинвестбанктын» төрагасы, депутат Болот Байкожоев.

«Толубай» банктын жетекчиси Жеңишбек Байгуттиев Улуттук банк иштеп чыккан депозиттерди коргоо системасын негизинен колдойт. Бирок ал анын кемчилиги деп Болот Байкожоев айткандай банктардын жоопкерчилигинин бири-бирине жүктөлүшүн белгилөө менен бирге, акча салуучулардын да жоопкерчилиги азаярын көрсөттү:

- Улуттук банк даярдаган долбоор кандай болсо, ошондой өтүп кетсе күйүп кеткен акчалар төлөп берилери алдын ала белгилүү болгондуктан, принцибинде ал элдин жакшы банктарды тандабай, алардын башкаруу органдарынын сапатына карабай өз акчаларын туш келген банктарга салуусуна алып келет, - деди Жеңишбек Байгуттиев. Анын айтымында, Улуттук банктын концепциясында аталган фондго акчаны банктар өздөрүнүн рейтингине жараша чегеришет деп жазылган. Рейтингди болсо Улуттук банк өзү аныктайт экен. Бул да банкирдин ою боюнча, туура эмес. Анткени бул банктардын Улуттук банка көз карандылыгын күчөтөт.
XS
SM
MD
LG