ЖАЛАЛАБАД. Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандын түштүк аймагын чыр-чатаксыз өнүктүрүү» долбоорунун Жалалабад шаарында өткөн эки күндүк семинарына Жалалабад, Ош, Баткен облустарындагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда чыр-чатактарды жаратуучу жагдайлар изилденип, жаңжалдардын болушун алдын алуу боюнча бийлик менен коомчулук өкүлдөрү тарабынан аткарылчу иш-чаралардын жолдору аныкталды. Түштүк региондо социалдык маселелердин чечилбеши, мыйзамдар бузулуп, бийликтегилер менен ички иштер, чегара, бажы кызматкерлери тарабынан өз милдеттеринин так жана таза аткарылбашы ар кандай ызычууларга өбөлгө түзөөрү белгиленди.