Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

ЭЛЕСИ ЭСТЕ, КҮҮЛӨРҮ ЭЛДЕ


Кыргыздын комуз музыкасынын баш атында турган залкар күүчү, комузчу-аткаруучунун бири Ыбырай Туманов. Ал өзү жашаган доордун чыныгы жарчысынан болгон. Улуу шайырлардын чыгармалары кыргыз күүлөрүнүн алтын казынасынын уюткусун түзгөн.

Тумандын уулу Ыбырай,
Тегин жерден күү тапкан.
Бир койдун кылын бүт таккан,
Сыдырып жатып жүз таккан,
Комузчуларга сын таккан,
"Жаш тилекке" келгенде
Комузун колго бергенде,
Тепкенин жогору жагынан,
Тегирмендей чоң колду
Тегеретип бир чапкан, - деп төкмө Осмонкул сыпаттаган Ыбырай Туманов ар бир кыргызды тегирмендей чоң колу эмес, эки метр келген узун бою, алп баатырлардыкындай кебете-кешпиринин өткөрө зордугу, артыкча манжаларынын барбайган чоңдугу менен таң калтырчу.

Улуу шайыр менен 1954-жылдан көзү өткөнчө 1967-жылга чейин такай байланышта болдум. Байыркы комузчулар, күүлөрү, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө көп жолу баардаштым. Көп жолу күүлөрүн уктум.

Ыраматылык Ыбырай көп сүйлөбөгөн сөзгө чоркок эле. Ар бир адамдын өмүр бою басса-турса да кайра-кайра кайталап, сүйлөп адатка айланткан сөзү болот эмеспи. Ыбырайдын да "эметип" деген көндүм сөзү бар эле. Андан "кайдан келе жатасыз" деп же деги эле эмне деп сурабагыңыз, эки сөзүнүн бир сөзү "эметип келе атам" - деп жооп берер эле. Ошондуктан замандаштары, кесиптештери улуу- кичүүсүнө карабай Ыбырайды көргөндө "эметип келе атат" - дешип бир чети сыймыктана, бир чети тамаша кызыгына батчу. Мына ушундай сөзгө мокок, кепке чоркок Мекел дөө кейиптенген алп шайырды көргөндөр "капырай, ушул кебетеси менен кантип, комуз чертсин" - дешип ишенбегендердин да көп жолу кептерин уктум. Анысынан да Ыбырай сахнага комуз чертип жатканда анын жалпы турпаты менен салыштырганда колундагы тырнактай эле бирдеме болуп көрүнүүчү. Ал эми Ыбырай барбайган манжалары менен күжүлдөтө комузун чалганда кылдарын кабыштыра басканда анын салааларынан сандаган кайрыктарга бай күүлөр биринен сала бири нөшөрлөнө төгүлүүчү.

Ыбырайды замандаштары, угармандары жаңы замандын жарчысы дешчү. Ал бүтүндөй өмүрүн, бүтүндөй чыгармачылыгын өзү жашаган замандын ырын ырдап,
күүсүн чалган. Автордун алгачкы күүлөрүнүн бири -"Кеңеш" аттуу күүсүн укканыңда аксакалдардын жайкалта бапыраңдаша кеңеш куруп отурушкан
кутмандуу кыргыз карыяларынын шаңдарын көз алдыңа элестетесиң. Күүнүн музыкалык киришмесинин алгачкы кайрыктарынан эле шаңдуулук өкүм сүрүп,
жүрүшү өзгөрүп, капысынан добуштар, басымдар алмашылат. Анан бара-бара шаңдуулук менен шайырдык өкүм сүрөт.

Эми кезекти улуу шайырдын өмүрүнүн айрым барактарына арналган эскерүүлөрдүн бирине берейин. Орустун музыкатаануучусу, Кыргыз
Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Виктор Сергеевич Виноградов Ыбырай жөнүндөгү эскерүүсүндө минтет:

- 1963-жыл. Июль айынын башы. Кыргызстанда орус музыкасынын он күндүгү жүрүп жатты. Ысыккөлдүн көкүрөгүндөгү Санташтын мейкин талаасында орус, кыргыз шайырлары концерт барып жатышты. Кезек жашы сексенди чамалап калган элдик карыя комузчу Ыбырай Тумановго да келди.
Ал комузун колуна алып атайын сахна үчүн жасалган жүк ташуучу автоунанын үстүнө чыга келди да: -"Мен бүгүн Шостаковичти өз көзүм менен көрүп отурам. Эми арманым жок… биз андан кыргыздар жөнүндө музыка жазуусун суранабыз" - деди да комузун күүлөп "Жаш тилек" аттуу күүсүн черте баштады. Жай чыккан бейпил күү созолонду. Күүнүн ар бир кайрыгы жайлоонун келбети менен айкалышып, угармандардын жүрөктөрүн толкутту. Залкар композитор Дмитрий Шостакович Ыбырайдан көзүн албады. Карыянын черткен күүсүн өзгөчө кунт коюу
менен угуп отурду. Ыбырай күүсүн чертип бүтөөрү менен Шостакович ага басып барып, кол алышып, Кыргызстан жөнүндө бир чыгарма жазарын айтты. Бир-эки ай өтүп-өтпөй Шостакович Ыбырайдын алдында берген убадасын аткарды. Орус жана кыргыз темаларына увертюраны жазды. Бул эки элдин достугун баяндаган салтанаттуу увертюраны уккан сайын баягы жайлоодогу концерттин элеси көз
алдыма тартылат. Жүк ташуучу автоунаанын платформасында Шостакович турат. Ал эми Ыбырай мээримин төгө улуу композиторду жылмая карайт. Увертюрадагы кыргыз темасынын вариацияларынан Ыбырайдын күүлөрүнүн кайрыктарын да угам" -
деп жазыптыр Виктор Сергеевич Виноградов.

Баса, Ыбырай "Жаш тилек" аттуу күүсүндө билимден, илимден чаңкыган кыргыз жаштарын окууга үгүттөгөн. Күү терең ойлуулугу, кайрыктарынын
кайталангыс жаңылыгы, көп түстүүлүгү, айдарлуулугу менен угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк табат.

Залкар комузчунун чыгармачылыгынын соолбос булагы өзү жашаган доору замандаштарынын эмгектеги эрдиктери, албан жеңиштери, кубанычтары болгон.

Ал чыгармачылыгынын баш аты аталган "Ооган Камбаркандан" баштап, "Кеңеш", "Өзгөрүш", "Жаш тилек", "Беш жылдык", "Колхоз куралы" аттуу күүлөрү алгачкы аткарылышынан мукамдуулугу менен угармандардын жарытарын жазат.
(Уландысы бар)
XS
SM
MD
LG