Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

А. АЙТМАТОВДУН АМЕРИКА САПАРЫ, УРАНДАН УЛАНГАН КЕП, ӨЗГӨРҮШҮ МҮМКҮН ӨКМӨТ


1-марттагы “Вечерний Бишкек” басылмасы АКШга иш сапары менен барган өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун жолугушуулары тууралуу макаланы жарыялады. Өлкөдөгү уран калдыктарын иликтөөгө алган Асел Оторбаеванын журналисттик иликтөөсүнө жана скрипка чапкан кыргыз устасы жөнүндө макалага да орун берилди. 1-марттагы “Дил ордосу” басылмасы болсо Орусиядагыдай болуп Кыргызстанда да премьер-министрдин отставкасы жакындаганын божомолдойт.

1-марттагы “Вечерний Бишкек” басылмасы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Америка Кошмо Штаттарына жасаган иш сапары маалында мамлекеттик катчы Колин Пауэлл менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жазды. А.Айтматовдун айтымында, “өлкөдө демократиянын пайдубалы түптөлүп, сөз эркиндиги орногон”.

Ооганстандагы терроризм коркунучуна каршы биргелешип күрөшүү да А.Айтматовдун сапары учурунда талкууланган. АКШнын мамлекеттик катчысы К.Пауэлл быйыл Кыргызстанга келем деген убадасын берген.

Ушул эле басылмада кабарчы Асел Оторбаева өлкөдөгү уран калдыктарын жана тазаланбаган уранды Кыргызстанга алып келүүгө ниеттенген Германиянын “РВЕ Нюкем” фирмасынын аракеттерин иликтөөгө алган.

“Эгерде мындай келишим түзүлсө Карабалтадагы тоо- кен комбинатына 1750 тонна, башкача айтканда, 26 вагон уран калдыктары келип, андан комбинат 600 миң америка долларына барабар пайда көрүп, уранды иштетип кайра Германияга жөнөтмөк. Бирок экологияны коргогон өкмөттүк эмес уюмдардын кийлигишүүсү менен бул долбоор ишке ашпай турат. Карабалта комбинаты мындай чалакайым келишимден калктын өмүрүнө коркунучтуу таштандыны кайда катаарын билбей баш катырмак. Ансыз деле өлкөдө уран калдыктары көмүлгөн жерлерди сел алуу коркунучтары турат. Өзгөчө Кажысай менен Майлуусуудагы уран калдыктары көмүлгөн аймактар коркунуч жаратууда", дейт Асел Оторбаева.

“Вечерний Бишкек” басылмасы Швейцариянын скрипка мектебинен 6 ай билим алып келип, кыргыз жергесинде Антонио Страдивари үлгүсүндөгү аспапты жасай баштаган Туратбек Акунов тууралуу баяндама берди. “Скрипканы өлкөдөгү карагай жана өрүктөн чапса да добушу мыкты чыгат” дейт уста-музыкант Туратбек мырза.

1-марттагы “Дил ордосу” басылмасында кабарчы Айдар Козуев “Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт башчысын отставкага кетирди, белимчи кейиптенген адатыбыз бар эле. Аскар Акаев өкмөт башчы Николай Танаевди качан садага чабаар экен?. Саясатчылардын айтымында “шылтоо” толтура. Орусия чүчкүрсө, эпкини бизге тиет", деп жазды.
Ушул басылмада окурман Муса Момуналиев “өлкөнүн Шайлоо кодексине 200гө жакын өзгөртүүлөр киргизилгенине жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана анын орун басарлары, мүчөлөрү да жаңыланууга тийиш экендигин айтып, ошондо шайлоого байланыштуу чыр-чатактар азайып, калыстык болоор эле” дейт . Андан ары автор “мыйзам жолу менен депутат болобуз деген Досбол Нур уулу, Данияр Үсөнов жана башка жигиттер бийлик зомбулугуна дуушар болгонун айтып, Сулайман Иманбаев аксакалды ардактуу эс алууга жөнөтүүгө Ак үйдүн чамасы жетээр бекен?” дейт.

“Дил ордосу” басылмасы “саясый партиялардын парады” деген рубрикасын улантып, бул жолу "Арнамыс", "Атамекен" жана Социал- демократиялык партиялардын ишмердүүлүгү тууралуу баяндады.

2-мартта чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Экинчи жана үчүнчү беттерде адаттагыдай эле саясат, парламенттеги сессиядан кабарлар, дүйнө жаңылыктарына орун берилүүдө. Алым Токтомушевдин «Жакырчылык калк жакасын бошотобу?» деген макаласында, өкмөттүн жыйынында экономикалык өсүш боло баштаганын, элдин турмуш- тиричилиги жакшыра баштады деген президент Аскар Акаевдин айткан фактылары, мисалдары турмушта дал келбей, көрүнбөй жаткандыгы айтылат. «Баарыбыз беймарал чөгүп баратабыз» деп аталат оштук окурманыбыз Шайлообек Назаралиевдин макаласы.

Басууга даярдалып жаткан “Аалам” гезитинде мамлекеттик тилдин тагдырына арналган макалалар жөнүндө редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Таласта өткөрүлүп жаткан «Тил тагдыры - эл тагдыры» деген марафонго арналууда. Дастан Сарыгуловдун «Эне тил - улуттун каны, жан, жүрөгү жана күч берген азыгы» деген жана Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязовдун « Руханий дүйнөсү жарды адам - эч убакта жакырчылыкты жеңе албайт» деген маеги жарык көрүүдө.

Ошондой эле «Оуу Шаршен, сен тирүүсүң» деген парламенттен келген кабар жана баяндамачы Дыйканбек Садыковдун «кыргыздын усталары эмне үчүн Орусияга, чет өлкөлөргө кетип жатышканын» иликтөөгө алган макаласына орун берилүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG