Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Ирактын башкаруу кеңеши өткөөл конституциянын долбоорун жактырды


Конституциянын долбоорунда "Ислам - мыйзамдардын булагы болот" деп айтылат, бирок андан башка булактар да колдонулат, анда күрт азчылыгынын өз алдынча бийлик жүргүзүшүнүн жол-жобосу такталган эмес.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл өткөөл конституциянын жактырылышын "ири жетишкендик" деп мүнөздөдү. Конституциянын күчүнө кириши үчүн аны эми АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер жактырышы керек.

Башкаруу кеңешинин маалымат катчысы Хамид Кифай документке шаршембиде кол коюлаарын бышыктады:

- Бул документ шаршембиде салтанатуу жыйында жарыяланат жана Башкаруу кеңешинин президенти Доктор Мухаммад Бахр ага эл алдында кол коет.

XS
SM
MD
LG