Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

АЛЫСКЫ КОМЕТАГА КОСМОС КЕМЕСИ УЧУРУЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Европалык космос агенттиги бүгүн (2-мартта) алыскы бир кометага космос кемесин учурду. Ал жолдо 12 жыл болот жана кометага жеткенде, аны айланып учуп, кометанын кыртышына изилдөө аспабын да кондурууга аракеттенет.

Кометанын аты "Чурюмов-Герасименко", аны 1969-жылы украиналык окумуштуулар Клим Чурюмов менен Светлана Герасименко ачкан жана комета ошол эки илимпоздун ысмы менен аталып калган. Ага багытталган "Розетта" деген кеме 2-март күнү эртең менен Түштүк Америкадагы Франциялык Гаяна аттуу мамлекеттеги "Куруа" деген космодромдон учурулду. Кемени космоско "Ариан-5" деген ракета алып чыкты.

"Розеттаны" учуруу алгач 26-февралга белгиленген, бирок аба ырайынын начарлыгынан ал өз мөөнөтүндө учпай калган жана кийин аны учуруу техникалык себептерден дагы бир жолу кийинкиге калтырылган. Жетиштүү ылдамдык алуу үчүн, кеме Күндү бир нече жолу айланып, андан соң кометага жөнөйт жана ага жеткенден кийин эки жыл бою кометаны айланып учат. Буга чейин бир да спутник кометанын орбитасында болгон эмес. Андан тышкары "Розеттадан" кометанын бетине салмагы 100 килограмм келген аспап дагы түшүрүлөт жана ал кометанын өзөгүн изилдейт.

Кометалар - биз жашаган аалам жаралган кезде - мындан төрт жарым миллиард жыл мурда пайда болгон деп эсептелинет жана алардын өзөгү негизинен муздан тургандыктан, ошол мезгилдеги заттар эмгиче тоңуп жаткан болсо, аалам пайда болгондо ал эмнеден турганын табуу мүмкүн.

Лондондогу космосту изилдөө лабораториясынын кызматкери Эндрю Коатстын айтымында, бул абдан кызык изилдөө:

- Бул абдан кызыктуу миссия, анткени кеме өтө алыскы аймакка учурулуп жатат. Кеме кометага - ал Күндөн 600 миллион чакырым алыстыкта болгондо жетет жана кометанын гравитациялык талаасына кирип, өз ылдамдыгын дагы өзгөртүп, аны айлана баштоого тийиш. Андан соң кемеден атайын аспап бөлүнүп чыгып, кометага коноору белгиленген. Жолдо баратканда дагы кеме изилдөө жүргүзөт. Күн системасында бир топ убакыт болуп, ал жердин жанынан үч жолу өтөт, андан соң Марстын жанынан жана бир нече астероиддин жанынан өтүп, аларды дагы изилдейт.

Кеменин аты "Розетта" деп Мисирде табылган байыркы бир таштын атынан аталган. Ал тегерек болгондуктан, "розетта" деп аталып калган жана анын бетинде байыркы үч тилде бир окуянын өнүгүшү жазылган. Ал үч тилди салыштырып отуруп, окумуштуулар Байыркы Мисирдин иероглиф жазуусун чечмелеп чыккан. Ошондуктан европалык агенттик "Розетта" кемеси кометалардын сырын дагы ачат деп үмүттөнөт.

"Розетта" кемесин курууга катышкан британиялык "Астриум" консорциумунун байланыштар боюнча деректири Алистер Скоттун айтымында, кемени курууга Европанын 14 мамлекети жана Америка Кошмо Штаттары да катышты, долбоорго бардыгы болуп бир миллиард евро короду:

- Кеменин түзүлүшү жана тышкы келбети үчүн биз жооптуу болчубуз жана кыймылдатуу системасын дагы биздин консорциум толугу менен иштеп чыкты. Бирок жалпы программага бир топ башка европалык окумуштуулар жана ишканалар катышты, кээ бир маселелер Америка Комшо Штаттарынын жардамы менен чечилди. Чындыгында бул кемени жасоого көптөгөн университет менен изилдөө топтору катышты жана алар, албетте, кеменин жардамы менен өз изилдөөлөрүн жүргүзүүдө.

Чурюмов-Герасименко кометасына "Розетта" 2014-жылдан августунда жетет.
XS
SM
MD
LG