Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

КИПРДИН ЧИЙЕЛЕНГЕН МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАКЫН АРАДА ЧЕЧИЛЕБИ?


Аким Өзгөн, Стамбул, Түркия Кипрдик грек жана түрк жамааттарынын жетекчилеринин ортосундагы Кипр чатагын чечүү максатындагы сүйлөшүүлөр улантылууда. Бирок аралдагы чийеленишкен маселелерди чечүү дагы кыйла убакытты талап кылчудай.

Кипр жаңжалын жөнгө салып, аралды кайра бириктирүү максатын көзөдөгөн жамааттар-аралык сүйлөшүү марафонунун 7-айлампасы эч кандай бир конкреттүү натыйжа бербей айактады. Ошондой эле, БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын планында болжолдонгондой, жаңжал апрел айына чейин жөнгө салынып калаар бекен деген үмүттөр биротоло жойулбаса да, сүйлөшүүлөр башталаар кезде пайда болгон эйфорийа улам соолуп баратат.

БУУнун сүрөөнчүлүгү астында Кипрдин түрк жана грек жамааттарынын арасында мындан бир жумадай илгери башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүндө тараптар башкатчы Кофи Аннандын Кипр планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн сунуштарын кийиришти. Бирок, кийинки алынган маалыматтарга караганда, эки тараптын турумунун ортосундагы терең айырмачылыктардын жакын арада жойулуусу оңой-олтоң жүзөгө аша бербей турган шекилдүү.

Сүйлөшүүлөрдүн илгерилөөсүнө кедерги болуп келаткан башкы маселе, бул — түрк тараптын лидери Рауф Денкташтын айтымында, — «кол койула турган «ортоктук келишими», башкача айтканда, аралды бириктирүү келишими, «аралда эки суверендүү мамлекеттин жашап жаткандыгынын фактысын таануунун принцибине тайануусу керек» деген түрк тараптын сунушун грек тарап талкуулабай эле четке кагуусу.

Рауф Денкташ сүйлөшүүлөрдүн 7-айлампасы тууралуу бүгүн басма сөзгө маалымат берип, эки айрым калк же жамааттын жашаган фактысын келишим документине киргизүү жөнүндөгү өзүнүн сунушун грек тарап “расачыл жиктенүү” деп баалап четке какканын айтты:

- Эки сектордуулук, чыныгы эки сектордуулук, эки калктын эки айрым сектордо өзүн-өзү башкарган кош жамааттуу система сакталып кала берүүсү зарыл. Бизге бул тууралуу соодалашууга туура келди. Бизэеки суверендүү мамлекет дегенибиз менен, иш жүзүндө эки айрым мамлекет болбойт. Бириккен Кипр жумуруйатын куруучу эки уйутку жамаат жөнүндө айтып жатабыз.

Кол койулуучу ортоктук келишимине эки жамааттуулук принцибинин камтылышын талап кылып жатабыз. Анткен себеби, 1960-жылы кол койулган келишим дагы бир ортоктук келишими эле; бирок грек тарап 3 жыл өтпөй туруп, 1963-жылы биздин укуктарыбызды тепсеп, келишимди жокко чыгарышты. Ошонун натыйжасында 40 жылдан бери чатак чубалып, ушу күндөргө келдик. Эми ошол тажрыйбанын кайталанышын биз каалабайбыз”,
- деп бышыктады Түрк жамаатынын лидери Рауф Денкташ.

Ошентип, сүйлөшүүлөр кандайдыр бир туйукка такалып калгандай болду. Түндүк Кипр Түрк Жумуруйатынын премьер-министри Мехмет Али Талат менен вице-премьер, тышкы иштер министри Сердар Денкташ Анкарага келип, Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен пикир алмашты.

Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн датасы үстүбүздөгү жылдын айагына карата Түркия үчүн аныкталат деп үмүттөнгөн расмий Анкара Кипр жаңжалынын чечилүүсүнө өзгөчө маани берип келе жатат. Соңку сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу дагы Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын өзү БУУнун башкатчысы Кофи Аннанга сунуш кылган.

Айтмакчы, Кипр жаңжалынын чечилиши Копенгаген критерийлеринин ичиндеги шарттардан болбосо дагы, Европа Биримдиги (ЕБ) бул маселенин тынч жол менен чечилиши Түркийанын ЕБге мүчөлүккө өтүшүнө жагымдуу таасир тийгизээрин билдирген.

ЕБнин бул турумун кайра бышыктап, Европарламенттин төрагасы Пат Кокс (Pat Cox) дүйшөмбү күнү Анкарада Түркийанын Улуттук мажлисинин (парламентинин) төрагасы Бүлент Арынч менен жолугушканда: “Кипрдеги жаңжалдын чечилиши Түркийадагы бүткүл климатты алмаштырат”, - деп айтты. Кипрдин эки жамаатынын лидерлерин “жигердүү жана акыл-эстүү” сайасат жүргүзүүгө үндөгөн Кокс бүгүн Түркийанын Улуттук мажлисинде чыгып сүйлөп, Түркийа жүзөгө ашырган соңку реформалык кадамдарды жогору баалады жана Кипр маселесинин өлкө үчүн олуттуу маанисине дагы бир жолу басым жасады.

XS
SM
MD
LG