Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Таласта жаңы долбоор иштей баштады


ТАЛАС. 2-март күнү демократияны колдоо боюнча Таластагы маалымат борборунда жаңы долбоордун бет ачаары өттү. Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча бейөкмөт уюм - "Кыргыз Альянстын" Таластагы бөлүмү утуп алган долбоор "Ажырашуу жана анын юридикалык залакалары" деп аталат. 4 ай аралыгында адвокаттар менен ЗАГС, кыймылсыз мүлктү каттоо мекемелеринин адистери, дарыгерлер облустун айыл, кыштактарында талкуу, жолугушууларды өткөрүшүп, ажырашкан аялдардын жер үлүштөрү боюнча талаштарын жөнгө салып, чечип берүү милдетин ишке ашырышат. Айына бир жолу "Гармония" деген газета чыгарылып, аялдарга акысыз таратылат. Бет ачаар аземине эң алгачкы арыздануучу келин катышып, күйөөсү каза болгондон кийин 3 баласынан да, жер үлүшүнөн да, турак үйүнөн да ажырап калгандыгын айтты.
Долбоор улуттук демократия институту колдоо көрсөткөн - Таластагы үчүнчү долбоор. Буга чейин "Жерүйдүн" экологиялык коопсуздугу жана акыйткатчы боюнча 2 долбоорго колдоо көрсөтүлүп, азыр калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG