Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Нарындагы абактарда мониторинг жүргүзүлүп жатат


НАРЫН. «Кыргызстандын жаш юристтери» коомдук бирикмесинин Нарындагы филиалы облустагы жабык мекемелерде мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Аталган коомдук бирикменин координатору Нурдин Исаевден 2-мартта алынган маалымат боюнча коомдук бирикме "Фридом хауз" уюмунун колдоосу менен облустагы ички иштер бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларындагы адам укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантышууда. Буга чейин алар Нарын, Атбашы райондорунда болушса, жакында Жумгал, Кочкор райондорундагы жабык мекемелерде болушуп, абактагылар менен жолугушуп кайтышты. Кочкор районунда жабык мекемелерди көзөмөлдөө боюнча атайын комитет түзүлүп, анын жетекчилигине укук коргоочу Качкын Булатов дайындалды. Бул комитет келечекте убактылуу кармоочу жайларында дайыма болуп турууну пландаштырууда. Ал эми Жумгал районунда укук коргоочу лидерлеринин жоктугуна байланыштуу ал жактагы бейөкмөт уюмдары бул ишти алып барышмай болушту. Март айында уюм тарабынан Акталаа районундагы убактылуу кармоочу жайларга мониторинг жүргүзүлөт. Мындай мониторинг областа алгачкы жолу өткөрүлүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG