Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Ирак үч күнгө аза күтүү жарыялады


Аза күтүү согуш аяктагандан берки эң кандуу окуяга байланыштуу жарыяланды. Кечээ Кербала жана Багдад шаарларында бир учурдагы жардыруулардан улам 140тан ашуун адамдын өмүрү кыйылып, 450дөн ашуун киши жаракат алды. Курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени кабарланууда. Жардыруулар шийиттерддин Мухаммед пайгамбардын небереси имам Хусеинди эскерүүгө арналган диний жөрөлгөсүнүн соңку күнүндө жасалды. Шийиттердин Ашура деп аталган бул диний жөрөлгөсүнө бийликте Саддам Хусеин турган кезде тыюу салынып келген эле. Ирак шийиттеринин диний лидер аятолла Али ас-Систани өлкөдө коопсуздукту камсыздай албай жатканы үчүн Кошмо Штаттарды айыптады. Ушундай эле мүнөздөгү сын Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөсү, шийиттердин негизги партиясынын лидери Абдул Азиз ал–Хаким тарабынан да айтылды:

- Ирактыктарга жасалган кол салуулардын баары үчүн оккупациялык армия жоопкер, себеби алар коопсуздукту камсыздоо укугуна ээ болгону менен аны камсыздай албай жатат. Ошол эле учурда алар ирактыктардын өзүн-өзү коргоосуна да мүмкүнчүлүк бербөөдө.

Ирактын америкалык администратору Пол Бремердин билдиргенине караганда, үч күндүк аза күтүү аяктаганга чейин өлкөнүн утурумдук Конституциясына кол коюу токтотулат. Ал эми Ак үй бийлик ирактыктардын өзүнө мурда белгиленгендей эле июнь айынын соңунда өткөрүлүп берилээрин ырастады. Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, жардыруулардын уюштуруучусу катары теги иорданиялык, "ал-Каида" уюму менен байланышы бар Абу Мусаб ас-Заркауи деген адам шектелүүдө. Дүйнө лидерлери жана БУУнун Коопсуздук кеңеши кечээги бомба чабуулдарды айыпташты.

XS
SM
MD
LG