Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Баткенде ич келте илдетинин жайылышы токтобой жатат


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан 3-мартта алынган маалыматка караганда, өткөн эки ай ичинде облуста 43 адамдын ичкелтеге кабылганы шектелип, алардын 21и бул ооруга чалдыкканы аныкталган. Ооруга кабылгандар негизинен Баткен районундагы Карабак, Кызылбел жана Паскарык айылдарынын тургундары. Илдеттин жайылуусуна таза суунун таңсыктыгы, санитардык, гигиеналык эрежелердин сакталбаганы жана оорулуулардын убагында дарыгерге кайрылбашы себеп болгон. Аталган айылдарда өткөн күздө да ичкелте жайылып, жалпысынан 100 чакты адам мындай ооруга кабылган. Учурда илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүн алдын-алуу чаралары көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG