Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

“Үмүт нуру” фонду адам укуктарын коргоону максат кылууда


БИШКЕК. Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн «Үмүт нуру» коомдук Фонду бүгүн ишке киришти. Коомдук фонд соттордун адилетсиз чечиминен жабыр тарткан аялдар тарабынан түзүлгөн. Анын негизги максаты - сот, прокуратура, ички иштер органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жана адилетсиз чечимдеринен жапа чеккен атуулдарга жардам көрсөтүү болуп эсептелет. Фонд ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо багытында да иш жүргүзөт. Жакынкы күндөрдө «Үмүт нуру» коомдук Фонду «Мээрим» эларалык фондунун төрайымы Майрам Акаевага жаңыдан түзүлүп жаткан фонддун иштеп кетишине колдоо көрсөтүүнү өтүнгөн кайрылуусун жолдойт. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» «Үмүт нуру» фондунун уюштуруучуларынын бири Чынара Көлбаева маалымдады.

XS
SM
MD
LG