БАКУ. Бүгүн эртең менен Украинанын учагы Баку шаарындагы “Бина” аба майданында кырсыкка учурады. Азербайжандын аба жолдору компаниясынын президенти Жахангир Аскеровдун айтымында, кырсыктын натыйжасында 7 учкучтун үчөө каза тапты, калгандары болсо ооруканага жеткирилди:
– Бул Украинанын “Азов-Авиа” компаниясына таандык Ил-76 учагы. Учкучтар да украиналыктар. Учак жерден 50-60 метрдей көтөрүлүп баратканда, аба майданынан төрт-беш чакырым узабай эле кыйроого учурады, - деди Жахангир Аскеров.
Учак Анкарадан Кабулга бараткан жана Бакуга май куйуш үчүн токтогон.