Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Ирактагы жардыруулар үчүн "ал-Каида" шектелүүдө


ВАШИНГТОН. Мындан эки күн мурда Кербала жана Багдад шаарларында 170дей адамдын өмүрүн алган жардырууларды уюштурган адамды Американын жана Ирактын бийликтери издеп жатат. Бул тууралуу кечээ Вашингтондо Американын Ирактагы күчтөрүнүн жетекчиси, генерал Жон Абизейд билдирди. Анын айтымында, Ирактагы канабайрамды теги иорданиялык Абу Мусаб ал-Заргави уюштурганын далилдеген фактылар табылууда жана ал-Заргавинин өзү ал-Каиданын ашынган жасоолу экени аныкталган:

- Биздин колубузда Заргавинин бул чабуулдарга тиешеси бардыгын аныктаган далилдер бар. Ошондой эле бизге Заркави менен Ирактын мурдагы режими, так айтканда, Ирактын чалгын кызматы кызматташып келгени белгилүү. Бизди террордук бул топтун Ирактын мурдагы чалгын кызматынын шыкактоосу менен аракет кылганы тынчсыздандырып жатат.

Американын Ирактагы башкаруучусу Пол Бремер Багдаддагы жана Кербаладагы жардыруулар үчүн чет өлкөлүктөрдү айыптады жана Ирактын чегарасы эми катуу кайтарыла турганын билдирди. Иракта 3 күндүк аза күтүү уланууда. Убактылуу конституицияга кол койуу кийинкиге калтырылган.
Ошол эле маалда Иракта ок атуу уланууда. Бүгүн Мосул шаарындагы полициянын имаратына ок атуудан бери дегенде 3 адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG