Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Вице-премьер-министр Ысыккөлдө жыйын өткөрдү


КАРАКОЛ. Жыйындын максаты - социалдык мобилизациялоо жылына байланыштуу элге кошумча көмөк көрсөтүү болду. Облустун куратору болуп шайланган Жоомарт Оторбаев Жетиөгүз районуна кураторлукка Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын башчысынын орун басары Садырбек Думанаев, Ысыккөл районуна туризм, спорт жана жаштар саясаты иштеринин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков, Тоңго айыл чарба министри Александр Костюк, Түп районуна ички иштер министринин орун басары Эгембердиев, Балыкчы жана Каракол шаарларына экономикалык өнүктүрүү министри Амангелди Муралиев менен Илим жана билим министри Ишенгүл Болжурова бекитилгендигин маалымдады. Кураторлукка бекитилген өкүлдөр элдин социалдык абалын жакшыртуу боюнча талкуу жүргүзүштү. Жыйында көтөрүлгөн проблемаларды чечүүнүн үстүнөн иштөө кураторлорлорго вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG