Иштин жүрүшүн Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орунбасары Жон Болтон активдүү процесс деп атап, Ливиянын аракетин жогору баалады. Болтон мындан тышкары Вашингтон Ирандын атомдук программасынын токтотулушуна жетишүүнү да көздөп жатканын кошумчалады.