Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Депутаттар өкмөттү Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой жатат деп сынга алышты


БИШКЕК. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан вице-премьер-министрлери кол койгон протоколдорду талкуулаган жыйынга вице-премьер-министрлер Базарбай Мамбетов, Уларбек Матеев жана өлкөнүн энергетика тармагынын өкүлдөрү катышты. Базарбай Мамбетов өз сөзүндө кыргыз тарап протоколго Казакстандын өтүнүчү менен кол коюуга барганын, андан Кыргызстан кыйыр түрдө зыян тартканын белгиледи. Бул маселе боюнча эки депутат сөз сүйлөдү. Депутат Темир Сариев Казакстан менен Өзбекстан 1995-жылдан бери суу-энергетикалык келишимдерди аткарбай келатканын айтса, депутат Турдакун Усубалиев казак парламентинин кайрылуусуна жооп даярдалганын жана анда коңшу мамлекеттерге суу берүүдө Кыргызстан кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы жазылганын билдирди. Депутаттар эки протоколдун талаптарын аткарууда Кыргызстан эки айдын ичинде түздөн-түз 200 миллион сом зыянга учураганын белгилешти.

XS
SM
MD
LG