Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Кыргыздардын кыз- келиндерине, аялзатына арналган элдик оюндары арбын. Жоолук таштамайдан баштап, шабиет, топ таш, упай, кан таламай, чачма топ, катра деги толгон оюндары кыз-келиндердин дене тарбиясына, келбетинин сулуулугуна ɵбɵлгɵ болуп келген. Кыргыздын кыздары аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, оодарыш, эңиш, тыйын эңмей сыяктуу ат оюндарында жигиттердин намысын козгоп, мɵрɵй алып да турган. Замандын шарапаты менен Кыргызстандык 3 спортчу кыз-келин олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медаль тагынган. Эгемендүү болгону кыргызстандык спортчу кыз-келиндер ɵлкɵнү эл аралык аренада таанытып келет.

Совет доорунда кыргызстандык кыз-келиндер спорт менен дурус машыгып, мелдештерге үзүрдүү катышып турган.

Алгач Татьяна Колпакованын жылдызы жанды, ал олимпиадалык бийликти багындырып, Кыргызстанды дүйнɵгɵ тааныткан олимпиада чемпиону болду.

Кыргыз кыздарынан олимпиадалык алтын медалды Мария Күлчүнова тагынган. Ал 1988-жылы Сеулда ɵткɵн 24-Олимпиадалык оюндарда 400 метрге чуркоодо марага биринчи келген. Мария Европа чемпиондугун да жеңип алган. Ал жеткен бийиктикке азырынча бир да кыргыз кызы жете элек. Ысыккɵлдүк жɵɵ күлүк Вера Корсакова дүйнɵ рекордун жаңыртып, Кыргыз спортуна бараандуу салым кошкон.

Кыргызстандык кыз-келиндердир арасынан Самара Акимова, Гүлзина Ɵмүралиева, Бактыгүл Токторбаева, Наташа Фадеева, Алтынай Темиркулова жана Ирина Орлова самбо күрɵшү боюнча дүйнɵ, Азия чемпионаттарында жеңишке жетишкен.

Дзю-до күрɵшү боюнча да Кыргызстандык кыздар командасы ийгилик жарата алган. СССРдин чемпиону Дина Максүтова Барселона олимпиадасына катышса, анын жолун Наташа Кулигина Атланта олимпиадасында улантты. Сидней олимпиадасында да Ольга Артамонова менен Наташа Кулигина Кыргызстандын намысын коргогон.

20 жылдан ашуун колунан тапанчасын түшүрбɵй Кыргызстанды Азияга жана дүйнɵгɵ тааныткан Забида Ырсалиева ок атуу спортуна жаштыгын, күлгүн ɵмүрүн арнады. Барселона олимпиадасында Шериктеш ɵлкɵлɵрдүн баскетбол командасынын катарында ойноп, олимпиада чемпиону болгон кыргызстандык Елена Баранованын спортко кошкон салымы чоң. Ал учурунда Бишкектин «Строитель» командасында ойноп, чоң спортко аттанган. Кийин Москванын «Динамосунда», Израилде жана АКШда боскетбол клубдарында ойногон.

Шахмат боюнча Светлана Матвеева, Бактыгүл Саманова, Бактыгүл Тиленбаева, Ирина Острый, София Сабирова, Жаңыл Тиленбаева дүйнɵлүк шахмат олимпиадаларына Кыргыз туусун кɵтɵрүп барышкан.

Кыргызстан эгемендүүлүккɵ ээ болгондон бери кыз-келиндерден марафончу Ирина Богачева, гимнаст Татьяна Торопова, жеңил атлетчилер Елена Бобровская, Татьяна Борисова жана Татьяна Ефименко, мерген кыз Елена Костюкова, кылычташуудан (фехтование) Светлана Верульская, эркин күрɵштɵн Яна Панова ийгиликтерге жетише алышты.

Түштүк Кореанын Пусан шаарында ɵткɵн 14-Азия оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчилерден Татьяна Ефименко ɵлкɵнүн тарыхында алгач ирет Азия оюндарынын алтын медалдарын тагынды. Мерген кыз Елена Костюкова менен балбан Яна Панова бул Азия оюндарында коло байгелүү болушкан. Кыргызстандык кыз-келиндерден жеңил атлетчилер Ирина Богачева, Татьяна Борсиова менен Татьяна Ефименко быйылкы Афина олимпиадасына жолдомо жеңип алышты.

Эми спорттун зарылчылыгы тууралуу айымдардын өздөрүнүн сөзүнө конок берели.

Кыргыз жергесине айкидо чыгыш ɵнɵрүн философия илимдеринин кандидаты Гүлмиза Сейиталиева жайылтып жүрɵт. Спорттун пайдасы тууралуу өз оюн ал мындайча билдирди:

- Спортко кыргыз кыздар деле келип калышты. Мисалы, эки жыл мурун айкидого орус же башкалар келчү, азыр кыргыз кыздар да келип калышты. Биздин Айнура деген кызыбыз биринчи даражаны да алды. Оксана деген кызыбызда биринчини алды. Калгандары чоңоюп атышат. Өзүн жакшы кармаганды ойлосо, албетте, кыздар спортко келишет. Мурун деле мен күч-кубаттуу болчумун, бирок айкидого келгенден кийин жигердүү боло баштадым.

Кыргыз–Славян университетинин 5-курсунун студенти Айнура Орозакунова кыздар дагы, ата-энелер да спортко маани беришпегенин мындайча сынга алат:

- Эгерде чоң тенниске катышайын десең, акча көп кетет. Ата-энелер деле көңүл бурбайт, эгер кыздар биякка (машыгууга) барам десе, үйгө отуруп оокат кыл дешет да. Менин каалаарым, кыргыз кыздарынын ар бири спортко катышуусу керек.

«Чынында кыздар арасында мелдештер аз ɵткɵрүлɵт. Айылдагы мектептерде спорт секциялары иштебейт. Мен университетке келгенде гана дене тарбия сабагынын маанисин түшүндүм. Дзю-до күрɵшү менен машыгып жүрɵм. Азыркы учурда ɵзүңдү коргой билүү зарыл. Кыргыз кыздары спортко анча маани бербей жүрүшɵт», - дейт дагы бир айым.

Чынында, элибизде Кыз Сайкалдай, Жаңыл мырзадай баатыр мүнɵз кыздар арбын. Ошол кыз-келиндердин спорттогу бактысы ачылбай жүргɵнү ɵкүндүрɵт. Кɵп жылдар бою спортко катышып жүрүшкɵн шаардык кыздардан айылдан келген кыздар бир кыйла чыйрак, шамдагай, чыдамкай келишет.

Дене тарбиясынын мааниси тууралуу балдар дарыгери Минагүл Кулукеева :

- Эң биринчиден, ден соолук болуш керек деп ойлойм да, ден соолук болуш үчүн, биздин кыргыздын кыз-келиндери спорт менен машыгышса, алардын болочоктогу балдары да чымыр денелүү болот.

Анын оюнча, келечегин ойлогон ɵлкɵ жетекчилери биринчи кезекте болочок энелердин, кыз-келиндердин ден соолугуна кɵңүл буруусу керек. Дене тарбиясы мыкты энеден ден соолугу чың уул-кыз тɵрɵлɵт. Ошондуктан кыз-келиндерге шарт түзүп, камкордукка алуу зарыл.

«Жаштык» массалык спорт жана дене тарбия борборунун улук усулчусу Гүлсара Кудабаева:

- Азыркы учурда чоң спортко кенен жол ачылган. Спорт менен машыгып, Кыргызстанды дүйнɵгɵ таанытып, эл-жер кɵрүүгɵ мүмкүнчүлүктɵр арбын. Спорт – ден соолук, сулуулук, жаштык экенине маани бербей жүрɵбүз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG