Түркиянын коргонуу министри Вежди Гөнүлдүн "Анадолу" кабар агенттигине билдиришинче, аймак алгач миңдеген жер минасынан тазаланат. Сирия ушул эле аймактын аркы тарабынан мунай казып жатат. Акыркы жылдары Түркия менен Сириянын ортосундагы алакалар кескин жакшырды. 1950-жылдары Сирия менен НАТОнун алакасы кырды бычак болуп турганда орток чегарада 615 миңдей мина жайгаштырылган эле.