Сириянын экономика министри Гасан ал-Рифаи "араздашууну диалог жана сабырдуулук алмаштырышы" керек деди. Санкциялар Сириянын палестин жана ливан куралчандарын колдогону үчүн киргизилээрин жума күнү АКШ Конгрессинин өкүлдөрү билдиришкен. Ал-Рифаи санкциялар ливандык компаниялар менен келишим түзгөн америкалык ишканаларга кесепетин тийгизээрин белгиледи. Мындай ишканалар көбүнесе мунай кендерин иштетүүгө тартылган.