Франциядагы эки күндүк сапарынын башталышында кабарчылар менен жолуккан Михаил Саакашвили өткөн айда Орусиянын президенти Владимир Путинге чек араны биргелешип кайтарууну сунуш эткенин билдирди. Саакашвили орустар бул сунушка ырасмий макулдугун берип, бирок эч чара көрүшө электигин кошумчалады. Саакашвилинин сөзүнө ылайык, ал ошондой эле грузин чек арасында орус өкүлдөрүн убактылуу жайгаштырууну сунуш эткен.
Өткөн айда Орусиянын коргонуу министрлигинин өкүлдөрү Чеченстанда өлтүрүлгөн "ондогон чет элдик террористтердин" жанынан грузин паспорттору табылганын айтышкан эле.
Өткөн айда Орусиянын коргонуу министрлигинин өкүлдөрү Чеченстанда өлтүрүлгөн "ондогон чет элдик террористтердин" жанынан грузин паспорттору табылганын айтышкан эле.