Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Стол тенниси боюнча өспүрүмдөр арасында эларалык турнир өттү


БИШКЕК. Бишкекте өткөн мөрөй талашууга Казакстан менен Кыргызстандын 50дөн ашуун жаш спортчулары катышты. Кыздар арасында биринчиликти казакстандык Варвара Рыбкина жеңип алды. Экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды бишкектик эже-сиңди Медина менен Нургүл Кудайбергеновалар камсыз кылышкан. 11-12 жаштагы кыздардын бардык байгелүү орундарын мейман кыздар утуп кетишти. өспүрүмдөр арасындагы таймашта кыргызстандыктар намысты колдон чыгарышпады. Бишкектик Алишер Якупбаев алтын медаль тагынса, күмүш байгени Талгат Сагымбаев, үчүнчү орунду Дмитрий Бердов ээледи. 11 жаштагы жеткинчектердин баш байгесин казакстандык Виталий Тян утуп алды. Мында кыргызстандык Михаил Белоглазов күмүш медаль тагынды. Мелдештин демөөрчүлөрү өлкөнүн финансы министрлиги жана стол тенниси ассоциациясы жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу, Азиза Турдуева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG